Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкөгө 1,4 млрд доллар которулган

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 809 | 0

Кыргызстанга которулган акчанын суммасы 1,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министри Олег Панкратов өкмөт жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жылдагы акча которуулардын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 7,5 пайызга көп.

Министр билдиргендей, ири инвестициялык долбоорлор ачылып жатканына байланыштуу өлкөгө кирген инвестициянын да көлөмү өсүүдө. Көбүнчө курулуш тармагына инвестиция жасалат.

Ошол эле учурда июль-август айларында экономикалык өсүштүн темпи азайган, күзүндө кайра көтөрүлүүсү күтүлүүдө. 9 айдын жыйынтыгында ички дүң өндүрүмдүн көлөмү “Кумтөр” кенин эске албаганда 268 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, өкмөт үйүндө 2018-жылдын январь-сентябры үчүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM