Биз менен байланышыңыз

Канат Азис: “БШК Шадиевдин мандатын Тагаевге бербей турса болмок”

Күн чекит | 5 Ноя 2018 | 893 | 0

Азыр Аскарбек Шадиев кат жазбаганын айтып, мандаты мыйзамсыз алынып жатканын билдирип чыкты. Сиз кандай ойлойсуз, бул жерде башка саясий оюн жүрүп жатабы?

Эгер фракция ушундай чечим кабыл алса, аны Борбордук шайлоо комиссиясы сөзсүз карап чыгат. Мындай мисал бизде 5-6 жолу кайталанганын эсибизде. Алардын катарында Кыргызстан партиясы жана башка да болгон. Шадиев бул жерден маалымат булагы болгон фракциянын чечимин карап чыгышы керек. Ал эми ал азыр кетеби, кийинчирээкпи бул жерде чоң маселе жок. Апрель айынан берки убакытты карганда, саясий оюн жок эле анын жүйөлүү себепсиз 30 жана андан ашуун жумушчу күндөрү сессияга келбегени боюнча деле мандатын ала турганга негиз бар.

Шадиев ден-соолугуна байланыштуу чет жакка чыгып кеткени айтылып келет эмеспи. Сот да чечим чыгара элек. Башка маселе жаралбайбы?

Чынын айтканда бул чоң шылтоо. Ушул күнгө чейин ал коомчулукка чыкпай, белги бербей эле келбедиби. Мындай окуя мурунку Транспорт министри Нурлан Сулайманов менен да болгон.  “Ак жол” партиясынан депутат болуп турганда ал да качкан. Мен ошондо Борбордук шайлоо комиссиясында мүчө болчум. Ошондо маселе карала баштаганда Сулайманов ооруп жатканын айтып, мандатынан ажыратпоо боюнча кайрылган. Эми менимче бул жерде да Шадиев мандатын сактап калуунун аракетин көрүп жатат.

Айрым эксперттер Шадиев кийин сотко берсе утуп чыгарын айтып жатышат. Юдидикалык жактан алганда, бул жагдайга кандай баа бересиз?

Шадиевдин мыйзам боюнча сотко бергенге толук укугу бар. Менин билишимче анын аталып жаткан катта колу эле бар экен. Бирок каттын мазмуну башка деп жатышат. Борбордук шайлоо комиссиянын тажрыйбасын карап көрсөк, ошол эле 2010, 2015-жылдагы шайлоолордо кээ бир лидерлер талапкерлердин арызын алдын ала жаздырып алган. Башкача айтканда шайлоого чейин эле керектүү мазмундагы арыздар датасы коюлбай эле башындагы инсандардын колунда болгон. Ошол арыздарды анан тапшырып коюшат. Мындай фактылар экспертизанын жардамы менен да далилденген. Азыр да экспертиза карап чыга алат. Бирок, анын датасын эч ким биле албайт.

Аскарбек Шадиевдин мыйзамсыз иштери укук коргоо органдарына маалым болуп турганда, ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү. Мындан улам коомчулукта анын кызыкчылыгын коргогон жогору жакта күчтөр бар экенин айтып келишет.  Муну, азыркы абалды эске алганда бул иште тергөө, соттун чечими адилеттүү болоруна ишенесизби?

Эми бизде бийликте турганда сот адилетсиздиги тууралуу көйгөй көтөрүлгөндө унчукпай, өз башына келгенде “адилетсиз соттор” деген нааразычылык сөздөрүн айтып калып жатышпайбы. Аны Шадиевден башка мурунку бийликтин башындагылар да айтып жатышат. Эми оорулуу адамга өтүп алды. Мунун баары дагы бир жолу айтам, мандатты сактап калууга болгон аракеттер. Негизи мен  өз тажрыйбамда деле арызын жазып туруп, кайра танып баш тарткандарды көргөм. Бирок ушул жерден айта кетүүчү маселе бар.  БШК Эрмамат Тагаевге Шадиевдин мандатын бербей турса болмок. Ошол эле экспертиза, прокуратура сыяктуу органдар менен териштирип, тактап, анан чечим кабыл алса дуру болмок. БШКнын позициясы азыр түшүнүксүз болуп калды. Себеби дегенде Өмүрбек Бабановдун мандаты алынып жатканда, БШКнын атынан Абдыжапар Бегматов фракциянын жыйынына чейин катышып, онлайн видео аркылуу Бабанов өзү кеткенин көрүп келгенин айтканы бар. А бул жерге келгенде текшербейбиз, чечим кабыл алынды дегени түшүнүксүз болуп калууда.

Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM