Биз менен байланышыңыз

Айтматовдун китептери белек үчүн гана алынууда

Билим-маданият | 5 Ноя 2018 | 968 | 0

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өлкө аймагында ар кандай иш-чаралар болуп, бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө эли бул саамалыкты өткөрүп жаткан кези. Бирок айрым адабиятчылар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын маанилүүлүгү анын чыгармасында жана чыгармаларынын таасиринде экенин белгилешип, учурда көпчүлүк анын китептерин окуу үчүн эмес, белекке берүү үчүн сатып аларын айтышат. Чындыгында улуу жазуучунун китептери окуу үчүн эмес, китеп текчелеринде турган белек үчүн гана алынып калдыбы? Бул суроого биз да кызыгып көрдүк. 

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дегенде эле баарыбыз  “Жамийла”, “Ак кеме”, андагы каармандарды жаңылбай айтып бере алсак керек. Бирок айрым адабиятчылар акыркы учурда жазуучунун чыгармалары, китептери окуу үчүн эмес, китеп текчелериндеги кооздук, белек үчүн берилип жатканын айтышат. Маселен, биздин сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү да улуу жазуучунун чыгармаларын сүңгүп кирип окуган эмес, окуса да мектеп жылдарында окуганын айтышат.

-“Ак кеме”, Жамийла” деген повесттерин укканмын. Бирок окуган эмесмин.

-Чынын айтсам окуган эмесмин. Аны түшүнүү үчүн кеңири отуруп окуш керек. Окусам да түшүнбөйм.

-Бугу энени окуганмын. “Жамийла” эсимде.

-Чындыгында бүгүнкү күндө окугандар азайды. Жөн эле PR болуп калды

-Окуганмын, бирок эсте жок.

Ушундай эле суроону эл ичинен тандалган эл өкүлдөрүнө да узаттык. Айрымдары мектеп программасында окуган боюнча Айтматовдун чыгармаларын окуй электигин айтса, айрымдар 90 жылдык маараке чыгармаларды кайрадан карап чыгууга себеп болгонун жашырышкан жок.

Эл өкүлү Сайдулла Нышанов учурда өтүп жаткан мааракелер Айтматовдун дүйнөсүн кайрадан карап чыгууга чоң өбөлгө болгонун айтат. Ал бир ай мурда анын китептерин карап чыгып, эстен кеткендерин кайра эстеп алган.

Жакында эле алып окудум. Жогорку Кеңеште дагы конференция болду. Ага да даярданыш керек болчу. Анан дагы бир жыйынга барсам ал жакта да китеп белекке беришти. Баарын окуганбыз. Бирок адам унутат экен. Айрым жерлери эсте калат. Унуткан жерлерин кайрадан кайталап эстеп алдым.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов мектеп жылдарынан бери Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуй электигин моюнга алат. Ошентсе да, мектеп программасында окуган “маңкурттун” образы эсинде калганын айтат.

Негизи Ч.Айтматовдун чыгармаларын мектепте окудук. Кинолорун көрдүк. Чынын айтсам андан кийин чыгынып окуганга убакыт болгон жок. Бирок мектепте окугандарым дале эсимде.

Китеп дүкөндөрүндө да Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракелерине карата анын китептерин алгандар мурдагыдан көбөйгөнүн сатуучу Кристина тастыктады. Бирок белек үчүн эмес, өзү үчүн алып окугандар дайыма басымдуулук кылат.

-Албетте, 90 жылдыкка карата суроо-талап көбөйдү десек болот. Бирок Айтматовдун китептерине карата окурмандардын кызыгуусу дайыма ушундай болуп келген. Белекке алгандарга караганда өзү үчүн алгандар басымдуулук кылат. Ошондуктан окугандар аз дегенге кошула албайм.

Белгилей кетсек, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында өлкө аймагында бир катар масштабдуу иш-чаралар өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM