Биз менен байланышыңыз

Шадиевдин мандаты кайтарылабы?

Саясат | 5 Ноя 2018 | 946 | 0

Мурдагы депутат  Аскарбек Шадиев «Бир бол» фракциясынан чыгарылышы боюнча билдирүү таратты.  Анда  өзүнүн мандатынын алынуусу жана фракциядан чыгарылышы мыйзамсыз болгонун айтып чыкты.

Издөөдө жүргөн мурунку депутат Аскарбек Шадиев өзүнүн мандатынын алынуусу жана фракциядан чыгарылышы боюнча эки барактан турган билдирүү таратты.  Анда Шадиев өзүнө карата ачылган үч ишти тең буюртма деп эсептейт. Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн акчаны кымырып алуу боюнча парламенттин эл аралык иштер боюнча комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров аны адашууга алып келгенин айтат. Ошондой эле “Бир бол” фракциясынан чыгуу боюнча арыз жазбаганын жана  Борбордук шайлоо комиссиясы анын мандатын мыйзамсыз алганын белгиледи.

Ал эми  Борбордук шайлоо комиссиясы Шадиевдин мандаты кандай негизде токтотулганы боюнча маалымат берди.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Шадиев фракциядан чыгуу боюнча арызын фракцияга жазганын айтууда.

Шадиевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда алып, ыйгарым-укуктарын токтотконго анын фракциясына берген арызы себеп болгон. Бизге 1-ноябрда «Бир Бол» фракциясынын чечими келди. Ошол чечимдин негизинде мыйзамдын 65-беренесинин төртүнчү пунктуна ылайык, «Эгер депутат фракциядан чыкса, аны мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотконго негиз болот» -деп жазылган. Арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы  Шадиевди мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды.

 Ал эми «Бир Бол» фракциясы Шадиевдин тараткан билдирүүсү акылга сыйбай турганын айтууда.  Фракция лидери Алтынбек Сулайманов «Арызын жазган депутат, бүгүн аны жокко чыгарып жатканы түшүнүксүз.  «Бир Бол» фракциясы жасалма документтер менен иштейт «- деген сөздөр ойго келбеген нерсе деди.

Депутат Улугбек Ормонов 1-ноябрда фракция жыйынга чогулганын жана анда Шадиевдин арызы канааттандырылганын  «Маралга» билдирди.

Биз фракциянын жыйынында бул маселени караганбыз. Шадиевдин арызын көргөм. Ошол арыздын негизинде  мандатынан ажыратууга макулдук бергенбиз жана дароо БШКга жөнөткөнбүз.

Эки беткей турган маселе эми дыкат текшерилүүгө тийиш. Эгерде арыздын чын-төгүнү толук тастыкталса, БШК мүчөлөрүнүн чечимдери өзгөрүүсү мүмкүн. Анткени мыйзамдык жактан алганда, эгер депутат өз арызын бербеген болсо, комиссиянын көпчүлүк добушу менен мандатты кайтарып алууга болот. Бул жагынан БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев чечимин өзгөртүүгө даяр.

Азыр Шадиевдин айланасында жаңы жагдайлар ачылып жатат. Эгер Шадиев чын эле өз ыктыяры менен арыз жазбаса, анда албетте мен чечимимди өзгөртөм. Мандатын калтырууну колдоп берем.

 Эми Шадиевди мандатынан ажыратуу боюнча жазылган арыздар иликтенип чыгат. Бирок ага чейин келген арыз фракция лидери тараптан дыкат иликтенүүгө тийиш болгонун БШКнын мурдагы мүчөсү, саясат талдоочу Акылбек Сариев айтууда. Анын кабарлашынча, издөөдө жүргөн адам тууралуу маалымат дароо тийиштүү органдарга берилүүсү керек эле. Ошондо гана маселенин чын-төгүнү аныкталмак. Эми башка жагдайларды пайда кылаарын төмөнкүдөй айтып берди.

Чынын айтканда өзү арыз жазган кишинин арызын алганда  такташ керек. Ал кандай негизде жазылганын жана алынганын фракция лидери тактоого тийиш. Анткени анын чет өлкөдө качып жүргөнүн баары эле билет. Эгер арыз Шадиевдин өзүнөн келген болсо, тийиштүү органдарга берилиши керек болчу.  Мен деле анын арызын көрдүм.

Эске салсак, Шадиевке карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган.

Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM