Биз менен байланышыңыз

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын директорунун орун басары дайындалды

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 820 | 0

Алымжан Хасанов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директорунун орун басары болуп дайындалды.

Ал буга чейин кыймыл коопсуздугу боюнча башкы ревизор милдетин аткарган.

Октябрдын башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулган. Анын ордуна Канатбек Абдыкеримов жетекчи болуп дайындалган.

Ал буга чейин аталган ишкананын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM