Биз менен байланышыңыз

ДКО: Чет элдик ырчылардын гонорарына канча акча бөлүнгөнү айтылды

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 702 | 0

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышында ырдаган дүйнөлүк жана кыргызстандык ырчыларга канча гонорар төлөнгөнү маалым болду.

Маданият, маалымат жана туризм министрликтин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдиргендей, ырчыларга 9 млн сом жумшалган.

Ар бир ырчыга канча сомдон туура келгендиги айтылган эмес, себеби келишимди тендерден уткан компания түзгөн. 9 млн сомдун ичинен чет элдик ырчылардын жашаган жери үчүн да акча каралган.

Эске салсак, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылышында Рэй Хортон, Жо Томпсон, Наташа Райт, өзбекстандык ырчы Озода Нурсаидова, казакстандык Жанар Дугалова жана орусиялык рок-топ «Корни», румыниялык поп-топ «Akcent», германиялык «Чингиз Хан» тобу катышкан. Ошондой эле жергиликтүү эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова жана башкалар ырдашкан.

Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, ага 82 өлкөдөн келген 2 миң 500гө жакын спортчу катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM