Биз менен байланышыңыз

200 айдоочу мас абалында унаа башкарган

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 609 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 15 миңден ашыкжол эрежесин бузуу фактысын аныктады. Анын ичинен:

— 507 айдоочу жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүп кеткен;

— 202 айдоочу мас абалында унаа башкарганы үчүн кармалган;

— 1961 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа айдаган;

— Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 2410 айдоочуга айып пул салынган;

— 1175 айдоочу иштебеген жарык берүүчү шаймандар менен унаасын башкарган;

— 1349 айдоочу башка айдоочуларга тоскоолдук жараткан;

— Коопсуздук курун тагынбай унаа башкарган 3932 айдоочуга айып пул салынган;

— Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа башкарган 41 айдоочуга чара көрүлгөн;

— Телефон колдонуу эрежелерин бузган 2805 айдоочуга айып пул салынган;

— 869 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM