Биз менен байланышыңыз

Микрокредиттик уюмдардын иши иреттелет

Экономика | 3 Ноя 2018 | 1361 | 0

Финансы-кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө, сапатын жакшыртуу максатында Улуттук банк токтом долбоорун иштеп чыгып коомдук талкууга койду. Эми кандай өзгөрүү болот? Бул суроого Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспекторлору — Каныбек Монуев жана Нурзат Бугубаева «Эколикбез» программасында жооп беришти.

Марал: Эң алгач Улуттук банк тарабынан финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу боюнча иштелип чыккан токтом долбоору тууралуу маалымат берсеңиз, анын максаты жана мааниси эмнеде?

Каныбек Монуев: Микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу, алардын эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү токтом долбоору талкууга коюлганына эки жума болду. Анда сунушталган пикирлер эске алынып, бир ай убакыттын ичинде зарылчылык болгон чакта сунуш ээлери менен да жолугушуу өткөрүлөт. Токтом Улуттук банктын башкармалыгынын чечими менен бекитилет.

Азыркы күндө өлкөдө микрокаржылоо секторун өнүктүрүүнүн 2018-2021-жылдарга карата негизги багыттары кабыл алынып ишке ашырылууда. Ал документ Улуттук банктын микрокаржы секторунун, коомдук эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан. Эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул жумушчу топ тарабынан көтөрүлгөн.

Марал: Кандай муктаждыктан улам?

Каныбек Монуев: Себеби микрофинансылык уюмдардын ишин учурдун талабына ылайык деңгээлде кармап туруу, алардын каржы булагын кеңейтүү, туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо, насыя алуучулардын укугун коргоо, микрокаржылоо кызматтарынын пайыздык жана регионалдуулук жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат. Алардын негизгилерине токтоло турган болсок:

-депозит тартпаган микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга өздүк капиталынын минималдык өлчөмү боюнча нормативдер киргизилди. Эми алар өздүк капиталынын өлчөмүн уставдык капиталынын өлчөмүнөн кем эмес деңгээлде кармап туруусу зарыл болот. Тагыраак айтканда, микрофинансылык компаниялар 50 млн сомдон кем эмес, микрокредиттик компаниялар 5 млн сомдон кем эмес өлчөмдө.

-үчүнчү тараптын насыялары бар микрофинансылык уюмдардын дивиденттерин бөлүштүрүүнү макулдашуу талабы киргизилди. Бул жаңы толуктоо катарында кирүүдө. Максаты кредиторлордун укугун коргоого багытталган. Мисалы, уюмдун туруктуулугуна коркунуч туудурган абал жаралса, Улуттук банк дивиденттерди бөлүштүрүүдөн баш тартууну сунуш кылат.

-микрофинансылык уюмдар тарабынан физикалык жана юридикалык тараптардан турган акционерден тартып алынуучу кредиттер боюнча чектөөлөр жоюлду. Буга чейин жалпы өздүк капиталдан 5 эсе жогору эмес өлчөмдө кредиттерди тартып алууга чек бар болчу.

— аманаттарга айланып кетпеши үчүн пайыздык чендин максималдык деңгээли белгиленди. Ал орточо салмакталып алынган пайыздык ченден 5 пайыз төмөн болушу зарыл. Мисалы, учурда орточо салмакталып алынган пайыздын деңгээли 17 пайыз, андан беш пайыз кемитилсе, ошондо 12 пайыздан ашпаган насыялар берилиши керек деген талап коюлат.

-депозит тартпаган микрофинансылык уюмдарга кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар тууралуу жобого айрым толуктоолор киргизилет. Алар кардардын укугун коргоого багытталат. Негизгилерине токтолсок, буга чейин микрофинансылык уюмдардан насыя алган адам аны төлөө мөөнөтүн убактысын өткөрүп жиберген болсо, туум толук карыздын суммасына чегерилчү. Эми мындан кийин туум же кечиктирилген пайыздын же болбосо төлөмдүн гана суммасына кошулат.

-күрөө боюнча айтсак, мисалы кредит алып кайтара албай калган учурда күрөөсүн тартып ала турган учурдан тарта 15 күн ичинде гана айыптык туум чегерилет. Азыр болсо токтоосуз туум эсептелип турган. Ошону толук суммасын өндүрүп да алган учурлар болуп келген.

Марал: Бул өзгөртүүлөрдүн негизинде финансы-кредиттик уюмдарга көзөмөл кандай жүргүзүлөт?

Каныбек Монуев: Улуттук банк мамлекеттин атынан иш алып барып жаткандыктан негизги максаты — рыноктогу кредиторлордун, кардарлардын, аманатчылардын укугун коргоону, финансылык туруктуулукту камсыздоону көздөйт. Жалпылап айтканда көзөмөл кескин өзгөрүүгө учурабайт. Айрым толуктоолор, жакшыртуулар гана киргизилет.

Нурзат Бугубаева: Микрофинансылык компания лицензиясына жараша аманаттарды тартууга укуктуу. Микрокредиттик уюмдар насыя берүүгө гана укуктуу. Биз айтып жаткан долбоор фикрофинансылык уюмдарга болгон талаптарды конкреттештирип, иретке келтирет.

Марал: Алардын саны канча? Лицензия кандай талап менен берилет?

Нурзат Бугубаева: Кыргыз Республикасында 106 кредиттик союз, 94 микрокреддик компания, 42 микрокредиттик агенттик жана 8 микрофинансылык компания бар. Алар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Улуттук банктан лицензия же болбосо күбөлүк алышы керек. Негизги талаптар уставдык капиталынан баштап кызматкерлеринин квалификациясына чейин коюлган. Мисалы, микрофинансылык уюм ачылса анын 50 млн сомдон кем эмес уставдык капиталы болушу керек. Микрокредиттик компаниялар болсо 5 млн сомдой капиталы болушу зарыл. Микрофинансылык компаниянын иш алып баруучу операциялары көбүрөөк, элге көп продуктыларды сунуштайт, кредиттик агенттиктер улттук валютада гана насыя берүү менен алек болушат.

Талаптардын дагы бири, уюмду түзүүчүлөр уставдык капиталын көрсөтүшү керек, ал легалдуу болушу шарт. Кызмат адамдары тийиштүү билими, иш тажрыйбасы болушу керек, имаратына, ички документтерине карата да талаптар кюлган.

Ишмердүүлүгү учурунда ченемдик укуктук актыларга туура келбеген учур орун алса, биз чара көрүүгө мажбурбуз, ал мыйзам бузуулар түзөтүлбөсө лицензиясы алынат.

Марал: Микрофинансылык уюмдар Ислам шарты менен да каржылоо жүргүзөбү?

Нурзат Бугубаева: Бизде азыркы учурда Ислам шартында 6 микрокредиттик компания бар, алар уставынан баштап бардык жол-жоболорун Исламдын шартына ылайыкташтырышкан. Кредит Исламга туура келбегендиктен каржылоо гана жүргүзүшөт.

Марал: Микрокредиттик уюмдардан тышкары, жеке жактар да насыя берүү менен алек болушат. Аларга көзөмөл жүргүзүлөбү?

Нурзат Бугубаева: Кыргыз Республикасынын жарандык кодексинде көрсөтүлгөндөй, бир жеке адам башка адамга зайым катары карыз берүүгө укуктуу. Карызга берүүдө эки адамдын гана ортосундагы келишим менен жүргүзүлөт. Муну мыйзамсыз деп атоого болбойт. Зайым берүү көзөмөлдөнбөйт, Улуттук банк жабыркаган жарандын кайрылуусу менен гана көзөмөлдөйт.

Copyright © 2017 Maral FM