Биз менен байланышыңыз

Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилди

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 955 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Улуттук стратегия Өкмөттүн “Ишеним. Биримдик. Жаратмандык” программасын, саясий партиялардын программаларын, Жогорку Кенештин депутаттарынын, мамлекеттик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, донордук жана эксперттик коомчулуктун, коомдук бирикмелердин, бизнестин жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен кеңири коомдук талкуудан кийин кабыл алынган.

Конституциянын 60 жана 65-беренелерине ылайык, өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү максаттарына жетүүдө анын артыкчылыктуу багыттары бекитилет. Андан кийин иш-чаралардын пландарын 2040 стратегиясына ылайык келтирүү сунушталат.

Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM