Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов: КСДПдан негизсиз чыгарылдым

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 859 | 0

Менин КСДПдан чыгуумду партиядагы саясий кеңештин 7-8 мүчөсү гана чечти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, партиянын катарынан чыгарылуусу легитимсиз болуп калды, кимдер добуш бергенин да көргөн эмес. Партиянын легитимдүү эмес чечими өлкөдө дестабилизацияга алып келерин кошумчалайт.

Ал партиянын уставын бузуу, же максатына каршы келген иштерди жасабаганын айтты. Ошондой эле партиянын максатына каршы келген иштерди ким жасаганын убакыт көрсөтөрүн белгилейт.

«Партиядан эмне себептен чыгарылганымды билбейм. Мен эч кандай мыйзамды, тартипти бузган жокмун. Партиянын программасын, Уставын тутуп келем. Партия түптөлгөндөн бери, 25 жылдай убакыттан бери келе жатам», — деди Өмүркулов.

КСДП фракциясынан чыгарылышы тууралуу маселе качан каралары белгисиз. Фракция 2-ноябрда Ош шаарында Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чараларга катышат.

Белгилей кетсек, 31-октябрда КСДП партиясынын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимин кабыл алганын жарыялаган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM