Биз менен байланышыңыз

1970-жылдан бери планетадагы жаныбарлардын 60% жок кылынган

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 1128 | 0

1970-жылдан бери планетадагы жаныбарлардын: сүт эмүүчүлөр, балыктар жана канаттуулардын 60%га жакыны адам баласынын таасири менен жок болгон. Мындай маалыматты The Guardian басылмасы Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун (WWF) докладына таянып жазып чыкты.

WWF Лондондун зоологиялык коому менен бирге даярдаган докладына таянсак, планета 1970-2014-жылдар арасында 52%-60% жаныбарларынан ажыраган.

Эң башкы коркунуч жаныбарлардын табигый жашоо аймактарынын айыл чарбасына иштетилиши болуп саналат.

Экинчи маанилүү таасир-жаныбарлардын тамак-аш катарында колдонулуусу. Алардын 300дөн ашуун түрү адамдардын аңчылыгынын айынан жок болуп кеткен.

Дагы бир олуттуу зыян берүүчү фактор-атмосферанын жана гидросферанын химиялык заттар менен булгануусу. Кээ бир канаттуулардын түрлөрү абанын булгануусунан жок болуу коркунучунда турат.

Эң чоң жаратылыш апааты Түштүк жана Борбордук Америкада орун алууда. Жапайы токойлордун жок кылынуусунун айынан жаныбарлардын 89% жоголгон. Аймакта ар эки айда Лондондун аянтына барабар тропикалык саванна жок кылынууда.

Дарыялар менен көлдөр да олуттуу зыянга учурап жаткан кези. Айыл чарбасы үчүн жана суу сактагычтарды куруу үчүн бурулуп кеткен суулардын айынан алардагы жапайы жаныбарлардын саны 83%га кыскарып кеткен.

Окмуштуулардын айтымында, адам баласынын тарыхында жалпы жаратылыш жаныбарларынын 83% жана өсүмдуктөрдүн жарымы жок кылынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM