Биз менен байланышыңыз

Иса Өмүркулов КСДПнын курамынан чыгарылды

Кыска кабар | 31 Окт 2018 | 1101 | 0

Иса Өмүркулов Кыргызстан социал-демократтар партиясынын курамынан чыгарылды. Бул тууралуу партия билдирүү таратты.

Маалыматта Өмүркулов партиянын уставына, максатына каршы келген аракети үчүн чыгарылганы айтылат. Ошондой эле аны парламенттеги КСДП фракциясынан да чыгаруу сунушталды.

Бүгүн, 31-октябрда партия съездин өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина партиянын төрагасынын орун басары болуп тандалды.

2019-жылдын 6-апрелинде өтө турчу жыйынын уюштуруу комитетин Алмазбек Атамбаев жетектемей болду.

Белгилей кетсек, Иса Өмүркуловдун «КСДП Атамбаевсиз» урааны алдында аймактарды кыдырып жүргөн активисттер менен жолукканын активисттердин бири Сагынбек Абдрахманов билдирген. Анын бул аракети талкуу жараткан.

Ал эми КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, партиянын айланасында дайыма чыккынчылар менен душмандар болуп келгенин айтып, партияны бөлүштүрүүгө кызыкдар адамдардын  колунан эч нерсе келбей турганын билдирген.

Иса Өмүркулов «КСДП Атамбаевсиз» ураанын колдогону айтылды

Copyright © 2017 Maral FM