Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда автогаз таңкыстыгы башталды

Күн чекит | 29 Окт 2018 | 1302 | 0

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда автогазга таңкыстык башталды. Соңку үч күндөн бери Кыргызстанга суюлтулган газды алып келүү токтоду. Бирок азырынча баа көтөрүлө элек. Анткен менен кырдаал улана турган болсо, газ кымбаттайт деп айдоочулар чочулоодо.

Бул жагдайды Казакстандагы заводдо катталган авариядан улам катталганын Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы айтууда.

Маселенин чоо-жайын бирикменин аткаруучу директору Канат Эшапов «Күн чекит» программасында айтып берди.

Канат мырза өлкөдө пайда болгон таңкыстык боюнча маалымат берип өтсөңүз… Негизги себептери эмнеде?

Автогаз таңкыстыгынын бир канча себеби болуп жатат. Биринчиден Кара-Балтадагы «Джунда» завод  бир айдан бери оңдоо иштерине байланыштуу иштебей турат. Азыркы тапта автогаз чыгарылбай турат. Экинчиден Орусиядан бажы алымысыз келген газ жок. Үчүнчүдөн Казакстандан келчү завод дагы бир канча маселелерден улам, бизге газ убактылуу берилбей жатат. Ал эми азыр 400 тонна газ жөнөтүлдү. Учурда жолдо келе жатат. Буюрса 3-4 күн аралыгында Бишкекке келсе, маселе толук чечилет.

-Демек таңкыстык пайда болуп жаткан болсо, автогазга суроо-талап жогоруладыбы? Бүгүнкү күнү Кыргызстан канча тонна керектеп жатат?

Биз быйылкы жылдын индикативдик балансын түзүп жатабыз. Кийинки жылга… Анткени учурда автоунаасын газга өткөргөндөрдүн саны көп болуп жатат. Буга чейин анчалык-суроо талап жок болчу. Ошондуктан биз Казакстан жана Орусиядан бажы алымысыз көгүлтүр отунду алуу аракетин көрүп жатабыз.

Авгогазга пайда болгон таңкысты алдын алуу жолдору жана рыноктогу абал тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Абдимуктар  Маматов өз пикирин билдирип өттү.

Бүгүнкү күндө болуп жаткан таңкыстыкты бир эле «Газпромго» ишенип алып отурганыбыз болбойт. Биздин жаныбыздагы Өзбекстан менен мамилебиз жакшырды. Демек өкмөт бул жерде өкмөттөр аралык келишим менен газды алып турса болот. Ошондой эле келишим Казакстан менен түзүүлсө газды алуу булактар көбөйөт. Жыйынтыгында өлкөдө таңкыстык тап-такыр пайда болбойт эле. Өкмөт гана аракет кылышы керек.

Кошумчалай кетсек, 9 айдын жыйынтыгында Кыргызстан 762 миң тонна нефтепродуктуну керектеген. Анын 331,5 миң тоннасын күйүүчү май түзсө, дизелдик отун 430 миң тонна.

 

Copyright © 2017 Maral FM