Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ЕАЭБ менен соода жүгүртүүсү 3,4 пайызга төмөндөдү

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 534 | 0

Былтыр жана үстүбүздөгү жылдын 8 айында өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темпи 18,4 пайызды түзгөн. Быйыл Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөр менен сырткы соода жүгүртүүсү 3,4 пайызга төмөндөп, 1млрд 481 млн долларды түзгөн. Ошол эле маалда экспорт 387 млн доллар болсо, импорт 1 млрд 94 миллион сом болгон. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Республика – Ата Журт» фракциясынын отурумунда билдирди.

Ошондой эле Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 750 долбоорду 250 млн сомго каржылаганы, дагы 1556 долбоор боюнча макулдашылганы маалым болду.

2018-жылдын 1-январынан тарта 45 техникалык регламент күчүнө кирди. Бүгүнкү күндө 34 сыноо лаборатория жана 14 сертификат берүүчү орган ЕАЭБдин реестрине кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM