Биз менен байланышыңыз

Кылмыш топтору кайрадан баш көтөрдүбү?

Коом | 25 Окт 2018 | 1266 | 0

Азыркы тапта Кыргызстанда үч уюшкан кылмыштуу топ бар. Бул топторду  Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушевдер  жетектей турганы кабарланды.

Бүгүнкү күнү уюшкан кылмыштуу топтун 181 мүчөсү кармалды. Ал эми аларды Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмазбек Бокушевдер жетектеп жатат. Бул тууралуу Ички игтер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев  министрликтин тогуз айлык отчетунда айтты.  Учурда укук коргоо органдары тараптан тынымсыз көзөмөлгө  алынып, жазага тартылгандары  дагы бар экенин маалымдады.

-Бокушев азыр кылмыштуу топко жакындабайт. Анын тобунун мүчөлөрүн биз көзөмөлдөп турабыз. Эң негизгиси Камчы Көлбаев дагы биздин көзөмөлүбүздө. Анын балдары такай кылмыш жоопкерчилигине тартылып турат. Анын өзүнүн артынан болсо, биз көзөмөл салганбыз.   

Азыркы күндө таасирдүү деп саналган уюшкан кылмыштуу топтордун  башчылары кайда?

Коопсуздук тармагындагы эксперттердин пикирине таянсак, Алмазбек Бокушевдин таасири 2011-жылдан бери басаңдап, бизнеске  карай ыктады. Ал эми ысымы аталган Азиз Батукаев Орусияда. Бирок Кыргызстанда анын тобу калган жана абак артында эң таасирдүү фигура деп айтылып жүрөт. Камчы Көлбаевге өзү учурда Кыргызстандын ичинде эң активдүү кылмыштуу топту жетектейт жана милицияны жогору жактан көзөмөлдөйт деген маалыматтар бар.

Ошол эле кезде ар биринин өз аймактары бар экени дагы жашыруун эмес. Бокушев Кара-Балтага жакын Чүйдө ээлик кылат десе, Көлбаев Ысык-Көлдөн коңшу Казакстан жана Өзбекстанга чейин жеткен деп жүрүшөт. Аны менен  алар бийликке ыктап баратканын Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев айтууда.

Бүгүнкү күнү Ысык-Көлдү алсак, Чолпон-Ата жана Караколго Көлбаевдин балдары ээлик кылат. Чолпон-Атанын мэри дагы «Камылга» деген партиядан. Партия Көлбаевге таандык. Азыркы тапта Көлбаев бийликке акырындан кадамын таштап жатат. Булар саясатка аралашып жатат деп ишенимдүү айтсак болот. Себебери мэр болуп дайындалган бала дагы Көлбаевге түздөн-түз караштуу.

Мындан тышкары, бизнесте дагы ордун бекемдеп, бүгүн алар легалдашуу жолуна өтүп баратат. Талап-тоноодон баш тартып, көмүскөдө бизнеске ыктаганын коопсуздук тармагындагы эксперт Артур Медетбеков байкаган. Анын айтымында, арам жол менен табылган каражаттар көбүнчө  курулуш тармагына  жүгүртүлүп жатат.

Уюшулган кылмыштуулук Кыргызстанда легалдашууга баардык жактан шарттарды түзүп жатат. Мурун рэкетчилик менен бизнес жасап жүрсө, бүгүнкү күнү ошол топтолгон каражаттарды бизнес долбоорлорго сала баштады. Ал курулуш жагына болобу же башка тармаккабы айтор аралашып кеткен учурлар аз эмес. Ошондуктан министрликтин кылмыштуу топтор көзөмөдөнүп жатат дегени  мага өтө кызыктуу болуп калды…

Анткен менен алар күч менен басып алуудан алыстап, тынч жашоого карай ыктай баштаганын айткандар дагы жок эмес.  Коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жыйынтык укук коргоо органдары көргөн  чараларынын натыйжасында жетишилгенин «Марал» радиосуна айтты.

Камчы Көлбаевдин кыймыл аракеттерин биздин күч органы дайына көзөмөлгө алып турат. Себеби ал уюшкан кылмыштуу топтор арасында эң таасирдүү деп саналат. Бокушев болсо, кылмыш дүйнөсүнөн алыстап калды. Чындыгында акыркы мезгилде активдүүлүгү деле байкалбайт. Анын жанында жүргөн жигиттер дагы бизнеске өтүп, айрымдары депутаттыкка шайланып калганы байкалат.  

Бирок алар көзөмгө алынды деген куру сөз менен эмес, башчыларына конкреттүү чаралар көрүлгөндө гана натыйжа деп атоого боло турганын эксперттер  кошумчалайт. Себеби өлкөдө саясий окуяларга жакын алардын таасири жогорулап, кылмыштуу топторду өз максатына колдонгон учурлар активдешет.

Кошумчалай кетсек, бул үч топтун болжолдуу 550  мүчөсү бар деп айтылып жүрөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM