Биз менен байланышыңыз

Депутат «Мегакомду» башкара турган болду

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 1280 | 0

“Мегаком” компаниясына Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов жетекчи болот. Бул тууралуу “Марал” радиосунун жеке булактары билдирди.

Акылбек Жамангулов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү. Ал 1988-жылы 24-октябрда Кеминде төрөлгөн. Бир уул, бир кыздын атасы.

2011 — жылы Кыргыз-Орус Славян университетинде «Каржы жана насыя» адистиги боюнча билим алган;

2014 — ж. КР Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясында «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча билим алган;

2014 — ж. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан «Юриспруденция» адистигин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2003 — ж. «Көк-Ойрок» Балыкчы ликер-арак заводу» ЖЧКсында;

2005-2006 —жж. «Альфа Ширсфилд Аудит» ЖЧКнын кардарларды тартуу бөлүмүндө адис;

2006-2007 — жж. «Альфа Маркетинг» ЖЧКсынын коомчулук менен байланыш бөлүмүндө PR-менеджер;

2007-2008 — жж. «Арвин» ЖЧКсынын сатуу жана жеткирүү бөлүмдөрүндө менеджер;

2008 — жж. «Тар-Суу» ЖЧКсында аткаруучу директор;

2008-2011 — жж. «Кыргыз агроазык-түлүк корпорация» ААКында башкы директордун жардамчысы, сапаттарды сактоо жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси, тышкы экономикалык ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын жетекчиси, маалымат жана анализ башкармалыгынын жетекчиси;

2011-2013 — жж. «Манас» Эл аралык аэропорту» ААКтын башкаруучулугунун мүчөсү, президенттин жардамчысы;

2013-2014 — жж. «Gold King Plus» ЖЧКсынын башкы директору;

2014-2015 — жж. Кемин цемент заводунун «ZETH Cement» ЖЧКсынын аткаруучу директору; «Шанфэн ЗЭТ Цемент» ЖЧКсынын жалпы суроолор боюнча башкы директордун орун басары;

2015 — жж. Жогорку Кеңештин VI чакырылышында «Республика — Ата-Журт» саясий партиясынан депутат болгон.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM