Биз менен байланышыңыз

Азамат Жаманкулов Маданият министри кызматына сунушталды

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 1037 | 0

Азамат Жаманкуловдун талапкерлиги Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталды. Аны өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөттү. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев “Маралга” билдирди.

Азамат Жаманкулов буга чейин аталган министрликтин алдындагы Туризм департаментин жетектеп келди.

Белгилей кетсек, 17-октябрда Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруу Бакытбек Секимовго жүктөлгөн.

Буга чейинки министр Султанбек Жумагулов 8-октябрга караган түнү оорудан улам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM