Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров Социалдык өнүгүү министри кызматына сунушталды

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 3362 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына сунушталды. Анын талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөттү. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев «Маралга» билдирди.

Улукбек Кочкоровдун өзү менен байланышканыбызда бул тармакта иш алып баруу оор болорун, бирок колдоо көрсөтүлсө иштеп берерин айтты.

Эске салсак, буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына социалдык өнүктүрүүнүн аймактык башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Кудайбердиевдин, Кыялбек Мукашев жана экс-министр Кудайберген Базарбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөнү айтылган.

22-сентябрда Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова кызматтан алынган. Андан кийин министр Таалайкүл Исакунова жана анын дагы бир орун басары Лунара Мамытова дипломатиялык паспортту мыйзамсыз колдонушкан деген негизде иштен алынган. Көп өтпөй эле дагы бир орун басары Жылдыз Полотова да кызматынан бошотулган.

Улукбек Кочкоров былтыр президенттик шайлоодо да ат салышкан. Ал 44 жашта.

Copyright © 2017 Maral FM