Биз менен байланышыңыз

Аткезчилик жол менен тамеки кутуларын алып өткөн казакстандык кармалды

Кыска кабар | 24 Окт 2018 | 500 | 0

Казакстандык жаран «Акжол — автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунан 35 миң 440 куту тамекини аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, текшерүү маалында товардын тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Айдоочу Бишкек-Павлодар багыты менен бара жаткан. Ал товардын ээсинин ким болгонунан кабары жок экенин айткан.

Тийиштүү документтер толтурулган соң жүк жана кармалган жаран Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM