Биз менен байланышыңыз

Президент айыл чарба продукцияларынын сатылбай жатканын сынга алды

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 809 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продукцияларынын сатылбай жатканын сынга алды. Ал бүгүн, 23-октябрда өлкөнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алды.

Министр бул жылы картошканын баасы былтыркыга караганда төмөн болуп, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатканын маалымдады. Былтыр картошканын баасы 8-10 сомдон болгон. Мурашев рыноктогу абалга анализ жүргүзүлгөнүн, ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөрү күтүлүп жатканын айтты.

Учурда картошканы Өзбекстан, Орусия , Казакстан, Тажикстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мамлекет башчы дыйкандардын эмгегин колдоо өлкөнүн агрардык тармагынын продукциясын экспорт кылуу Айыл чарба министрлигинин артыкчылыктуу багыты болушу керектигин белгиледи.

Коушмчалай кетсек, 2017-жылы картошка 83 миң 200 гектарга айдалган, быйыл 84 миң 500 гектарга айдалды, түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн тоннаны түздү. Ал эми ички керектөө 800-900 тоннаны түзөт. 600 миң тонна картошка экспортко кетет. Бүгүнкү күндө толук көлөмдө төө буурчак жана пахта буласы экспорттолуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM