Биз менен байланышыңыз

Айдоочулардан түшкөн айып пул кымырылып кеткен

Коом | 22 Окт 2018 | 921 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы айдоочулардан түшкөн айып пулду кымырып алуу фактысын аныктады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы айдоочулардан түшкөн айып пулду кымырып алуу фактысын аныктады. УКМКнвн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаардык сотунун айрым кызматкерлери айдоочулар төлөгөн административдик айып пулдарды алып турушканын маалымдады. Буга кошумча, айрым учурларда эреже бузган айдоочуну катыштырбастан соттук отурумдарды өткөрүүгө жол беришкен. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү  Рахмат Сулайманов кабарлады.

 Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылган адамдардын материалдарын кароодо сот органдары тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Такталган маалымат боюнча, Бишкек шаарынын сот органдарынын айрым кызматкерлери КР административдик жоопкерчилик боюнча 238-беренесине ылайык, айып пулдарды өздөрүнө ыйгарып алуу фактысы аныкталган.

Бул фактылардын негизинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан улам  Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси  Нур Сатыбалдиев кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.

Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат. Эч кандай маалымат бере албайбыз. Тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туралы.

Ал эми Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Касымбек Райымкул  уулу айып пулдан түшкөн акча эч качан соттордун же башкармалыктын колуна түшпөй турганын айтууда. Айдоочулар төлөгөн каражат түздөн-түз мамлекеттик казынага которулат жана эсеп тууралуу маалымат башкармалыкка берилбейт. Ошондуктан каражатты чыгарып кетүү бул жаңы технологиянын негизинде гана жетишилбесе, мүмүкүн эмес болчу деп, буларга токтолду.

Айып пулдан түшкөн каражаттарга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын эч кандай тиешеси жок. Ал акчалар түз бюджетке кетет. Анткени айдоочуларга берилген эсеп тууралуу башкармалык билбейт. Биздин убакта ал каражаттарды башка жолдор менен чыгарып кетүү оюбузга дагы келген эмес. Ошондуктан бул жерде жаңыча ыкма эле ойлонуп табылбаса, каражатты чыгарып кетүүгө мүмкүн эмес.

Эми бул фактыны андан ары Улуттук коопсуздук кызматы иликтеп чыгат. Эгер мыйзам бузуунун негизинде кандайдыр бир жолдору аныкталса, аны УКМК өз укугун  колдонуу менен тезинен чечиши керектигин Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Мирлан Жээнчороев айтты. Себеби коррупциялашкан каналдар өлкө бюджетине эбегейсиз зыян алып келип келүүдө.

Эгерде тергөө амалдарында ошондой мүмкүнчүлүктөр менен колдонгондор болсо, анда соттун чечими менен аныктамаларды алып УКМК президентке чара көрүү боюнча  сунуш бериши керек. Ушундай жол менен кийинкилердин жолуна бөгөт кое алабыз.
Ошондой эле, мындай көрүнүштөргө иштеп жаткан мыйзамдардагы айрым мүчүлүштүктөр жана органдардагы маянанын  аздыгы өз таасирин тийгизбей койгон жок.

Мыйзам боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси өтө оор кылмыштардын катарына кирет. Буга тийиштиги барлар 8-15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ошондой эле, эгерде бул жерде кандайдыр бир уюшкан топтор бар болуп, күнөөсү далилденсе, дароо соттолот жана экинчи мамлекеттик кызматка келүүсүнө бөгөт коюлат. Ал иш өзүнчө берене менен каралат.

 

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM