Биз менен байланышыңыз

Президент тышкы иштер министри Айдарбековду кабыл алды

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 685 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анда Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги багыттары, күн тартибинде турган комплекстүү маселелер боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы анын жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерге болгон расмий жана мамлекеттик сапарларынын жүрүшүндө түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу, өнөктөш мамлекеттер менен мамилени бекемдөө жана өнүктүрүү милдеттерин койду.

Ошондой эле инвестицияларды тартуу, өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүү, чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Айдарбеков министрликтин ишмердигине байланыштуу акыркы мезгилде маалымат каражаттарында талкуу жараткан маселелерге жана сын-пикирлерге байланыштуу укук коргоо органдары иш алып барып жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM