Биз менен байланышыңыз

25-октябрга чейин Бишкектин бир топ аймагында газ өчөт

Кыска кабар | 22 Окт 2018 | 643 | 0

22-25-октябрь аралыгында Бишкек шаарынын бир топ аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Маалымат боюнча, 22-23-октябрда Бишкек шаарынын Кийизбаев, Армейская көчөлөрүндө;

-22-26-октябрда Ново-Покровка айылы, «Ала-Тоо», «Ак-Ордо», «Ак-Орго» жаңы конуштары, Пригородное айылы, «Жениш» жаңы конушу, Маевка айылы, төмөнкү Ала-Арча айылынын Саадаев, Коллекторная көчөлөрүндө, Советский өтмөгү , Киргизская, Колхозная, Новая көчөлөрүндө, «Монолит» заводу, «Турист»автобазасында;

-23-24-октябрда Восток айылынын Ленин, Щорс, Сельповская көчөлөрүндө;

-24-25-октябрда Арча-Бешик жаңы конушу, Абдрахманов, Улан, Адыгине, Магистральная, Стадион көчөлөрүнүн кесилишкен аймагына көгүлтүр от берилбейт.

Жаратылыш газын өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM