Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБи боюнча козголгон иш карала баштады

Кыска кабар | 19 Окт 2018 | 684 | 0

Бүгүн, 19-октябрда Биринчи май райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши каралды. Анда жылуулук борбордогу авариядан улам “Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы 80 млн сомдон ашуун, “Электр станциялары” ишканасы  8,8 млн сом материалдык зыянга учураткан деп бир канча адамдарды айыптады.

Алар, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Узак Кыдырбаев жана Бишкек жылуулук электр борборунун экс-директору Нурлан Өмүркул уулу жана башкалар.

Ошол эле учурда, айыпталуучулардын жактоочулары доону эсептөөдө бул суммалар көрсөтүлбөгөндүгүн айтып, мындай дооматтарды кабыл алуудан баш тартышты.

Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык көрүнүштөр боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Анын негизинде мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, энергетика тармагындагы ишканалардын бир катар жетекчилери да “Коррупция” беренеси менен айыпталып камалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM