19-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7.