Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту Исаковду камакта калтырды

Кыска кабар | 18 Окт 2018 | 649 | 0

Бишкек шаардык соту мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин өзгөрткөн жок. Буга чейин Биринчи май райондук соту Исаковду 5-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Бүгүн, 18-октябрдагы соттук отурум учурунда Исаковдун адвокаты бул чечимди жокко чыгарууну өтүнгөн.

Эске салсак, мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык кырдаалга байланыштуу камалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM