Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков жетектеген бир жыл: Экономикада өсүш жок

Саясат | 17 Окт 2018 | 1515 | 1

Сооронбай Жээнбеков мындан туура бир жыл мурда шайлоодон утуп, мамлекетти башкарууга киришкен. Бул аралыкта президент эмнеге жетишкени, кандай жылыштар болгону тууралуу серепчилер пикирлерин айтышты.

Саясатта президент чуулгандуу  коррупциялык иштердин бетин ачканы менен анын командасынан инновациялык секириктер байкалган жок. Мындай пикирдеги саясат талдоочу Марс Сариев Кыргызстандагы абалды башка өнөктөш өлкөлөргө салыштырып айтып берди.

Албетте, Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка келгенден бери ири коррупциялык иштер казыла баштады. Бул президенттин негизги жетишкендиги болуп калды. Бирок Жээнбековдун командасынан кандайдыр бир чоң секирикти байкаганым жок. Бизге кошуна Өзбекстан же ошол эле Армения менен салыштырганда, өсүү динамикасы аларда жогору. А бизде туруктуулук болгону менен азырынча андай жылыштар боло элек.

Ал эми Жогорку Кеңештин  III чакырылышынын депутаты, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков президенттен чоң өзгөрүүлөрдү күтпөйт. Себеби баш мыйзамда өлкө башчынын ыйгарым укуктары чектелип, премьер-министрдики кеңейтилген. Демек жылыштар өкмөт тараптан болушу керектигин «Марал» радиосуна айтты.

Өлкөдө өзгөрүү деле болгон жок. Биз аны күтпөшүбүз керек. Мунун эки себеби бар. Биринчиден, президенттин конституциялык укуктары чектелген. Биз каалайбызбы же каалабайбызбы, Кыргызстан парламенттик мамлекет. Демек бизде парламенттин ыйгарым укуктары чоң. Андан дагы чоң үлүш өкмөткө туура келет. Демек биз жыйынтыктарды бийликтин башка бутактарынан алышыбыз керек.    

Анткен менен, тышкы саясатта президент оң жылыштарды көрсөтө алды. Буга чейин салкын мамиледе болуп келген өлкөлөр менен ымаланы бекемдегенин, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери менен бириккени Сооронбай Жээнбековдун жетишкендиги экенин айткандар да бар. Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов кошуналар менен да мамиле калыбына түшкөнүн айтты.

Бир жылдын ичинде биздин президент Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы маселени чечти. Биз жаңы стратегиялык деңгээлге чыктык. Бул жакшыруунун багыты десек болот. Экинчиси, кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай мамилелери дагы жаңы стратегиялык деңгээлге чыкты. Үчүнчүсү, бул-Түркия. 2015-жылы кыргыз-түрк мамилеси абдан оор болчу. Бул кырдаал өзгөрбөй турганын көп эксперттер айткан. Бирок учурдагы президенттин келиши менен Түркия менен болгон маселе чечилди.

 Боордош өлкөлөргө болгон мамиле жакшырганы менен анын реалдуу жыйынтыктар байкала элек. Экономикада көрсөткүчтөр төмөн. Бир жылда 1,2 гана пайыз өзүштү көрсөткөн. Бул инвесторлорго мамиленин төмөндөп кеткенин көрсөтөт. Муну мурдагы Экономика министри Арзыбек Кожошев айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

Жакшы мамиле түзүлгөнү менен бул  экономикага дароо таасирин бербейт. Ал бара-бара байкалат. Ушул жылдагы тогуз айдын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 1,2 пайыз. Бул абдан төмөн. Чынын айтканда, сегиз айдын ичинде эч кандай өсүш болгон жок. Албетте, бул кырдаал биздин инвесторлорго мамилебизди көрсөтүп турат. Өлкөнүн экономикасы түздөн-түз инвесторлордон көз каранды. Жарым жылдык жыйынтыкта былтыркыга салыштырмалуу 122 млн доллар же 33 пайыз акча чыгып кеткен. Бул инвесторлордун Кыргызстанга ишенбей турганын көрсөтүп турат.   

Буга чейинки президенттерге караганда Сооронбай Жээнбеков коомчулукту биримдикке үндөгөнү байкалганын эксперттер белгилешүүдө. Мисал катары өлкө башчынын бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер менен жолукканын саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов белгилейт.

Президенттин акыркы учура таштаган кадамдары консалидацияга карай багытталганы көрүнүп турат. Биринчи эле жолугушуусу жарандык коомдун өкүлдөрү менен болду. Андан кийин ишкерлер менен… Таласта мурдагы парламент төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолугушам деди. Бул жерден бир учурду белгилеп өткүм келет. Азыркы президент аларды Акаев, Бакиев же Атамбаевдин кадрысың деп бөлгөн жок. Демек, тажрыйбалуу адамдар менен кызматташам деген ою жакшы. Алар дагы Кыргызстанга кайдыгер карабаган адамдар деп эсептейм. 

Эми президент экс-жетекчилер менен дагы жолугуу ниети бар экенин айткан эле. Жакынкы арада мурдагы премьер-министрлер, төрагалар жана башка мамлекеттик кызматта иштеп кеткендер ортосундагы кезигүүсү күтүлөт.

Кошумчалай кетсек, Сооронбай Жээнбеков өткөн жылы 15-октябрда болгон президенттик шайлоодо 54,22% добушка ээлик кылып, президент болуп шайланган.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM