Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Армениянын көчөлөрүн каптаган нааразычылык акциялары жана жалпы элдик толкундоолордун натыйжасында ишке ашкан “жоогазын төңкөрүшү” ошол кездеги оппозиция лидери Никол Пашинянды өлкөнүн башына алып келген. Бирок 16-октябрь күнү ал отставкага кетерин Армениянын мамлекеттик каналынын түз эфиринен жарыялады.
“Менин кызматты тапшыруум-милдеттен качуу же артка чегинүү эмес. Тескерисинче, бул элдик төңкөрүштүн мүдөөсүн аягына чыгаруу. Бийлик толук кандуу элдин көзөмөлүндө болуусу керек. Мыйзам чыгаруу бийлиги болгон парламент дагы элдин элегинен өтүүсүн каалайм”.
Пашинян кайрылуусунда айткандай, ал кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн премьерликтен убактылуу кетүүдө. Ал бийликке келери менен өкмөттүн курамын толук жаңылап, министрлерди бүт бойдон алмаштырган. Бирок саясатта чечүүчү ролду ойногон парламент- “Улуттук жыйын” дале болсо мурдагы курамда иштөөдө. Башкаруучу фракция болгон мурунку бийликтин Республикалык партиясы парламентте 51 орунду ээлеп, эң көп депутатка ээ. Ал эми Пашинян жетектеген “Елк” фракциясы 9 гана депутаттан турат.
Анын Newsader маалымат агенттигине берген маегинде бул армениялыктар күткөн кадам экендигин билдирген.
“Парламенттик кезексиз шайлоо-армениялыктардын талабы. Болгону мен кезектеги логикалуу кадамды таштадым. Өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалды бир тараптуу тактап, турукташтыруу керек. Жылдын аягына чейин парламентти кайра шайлоо керек”
Мыйзам боюнча, өкмөт башчы кызматтан кетсе, парламент эки жуманын ичинде жаңы премьерди шайлоосу керек. Болбосо өздөрү тарайт дагы, өлкө жаңы парламентти шайлайт. Мына ушул механизмди колдонуп жаткан Пашиняндын бул планы парламенттеги көпчүлүктү тузгөн Республикалык партиясынын каршылыгына дуушар болду. Ал ыктыярдуу отставкага кетүү планын 3-октябрда журналисттер менен болгон маегинде билдирери менен парламенттеги эки фракциянын депутаттары жабык эшик артында чогулушуп, аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап башташкан. Муну байкаган Пашинян дароо фейсбуктан түз эфир уюштуруп, элди каршылык митингине чакырат. Кайрылуудан бир нече саат өтпөй, парламенттин алдына 30 миңден ашуун еревандыктар жыйылып келип, депутаттарды Пашинян менен макулдашууга аргасыз кылышкан.
Ошентип, каршы тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, мындан аркы Армениянын саясий өңүтү Пашиняндын сценарийи боюнча жылмай болду. Парламенттеги эч бир фракция премьерликке талапкер көрсөтүү ниети жоктугун билдиришти. Күтүүсүз өзгөрүүлөр болуп кетпесе эле, Армения декабрдын 9-10дорунда кезексиз парламенттик шайлоого барат.
Шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы басымдуу добушту алары айдан ачык. Мындай пикирин КМШ өлкөлөрүнүн институтунун директору саясат таануучу Александр Маркаров «Мир» телеканалына билдирди.
“Төңкөрүштөн кийинки учурда Армениянын саясатында Пашинян жетектеген партия монополисттик позицияны ээлеп алды. Эгер кезексиз шайлоо өтчү болсо 15ке жакын саясий топтор катышуусу мүмкүн. Бирок жаңы партиялар гана эмес, тажрыйбалуу Республикалык партия дагы парламенттен орун ала албай калуусу мүмкүн. Пашиняндын тарапташтары 70-80%дын үстүндө добуш алары бышык”.
Ал эми саясат таануучу, журналист Марк Григоряндын айтымында, кезексиз шайлоодо Пашиняндын партиясы парламенттеги 100 орундун 70тен кем эмесин алып, башчы катары өзү кайра Премьерликке шайланып келеринен күмөн жок.
“Пашинян учурдагы армян элинин назарындагы ашыкча популярдуулугунан пайдаланып бул кадамга барууда. Шайлоодо парламентте оппозицияга бир да орун тийбей калуу ыктымалдыгы бар. Бул Пашиняндын эбегейсиз жеңиши катары бааланса да, оппозициянын жоктугу Армениянын саясаты үчүн кооптуу жагдай болорунан эч бир аналитик шектенбейт”.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель-май айындагы коррупцияга баткан мурдагы бийликке каршы элдик нааразычылык толкундарынын артынан бийликке келген Никол Пашинян 5 ай премьерлик кызматта турду. Бул аралыкта анын жасаган реформалары көзгө толорлук деле натыйжаларды бере элек болсо да, армян эли жаңы өкмөтүнөн көп нерсе күтүп турган чагы.