Биз менен байланышыңыз

18-октябрда Бишкек шаарына жылуулук берилет

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 748 | 0

Эртең, 18-октябрда Бишкек шаарына жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Алгач оорукана, бала бакча, мектеп жана башка социалдык объектилер жылуулук энергиясы менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 65 казан меши, Бишкек жылуулук электр борбору жылуулук берүүгө даяр экенин билдирген.

Эскерте кетсек, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук берилиши керек.

Бүгүн, 17-октябрда борбордо абанын температурасы +1…+3 градустун тегерегинде болууда.

Copyright © 2017 Maral FM