Биз менен байланышыңыз

Чек ара: такталбаган аймак жаңгалга себеп

Коом | 16 Окт 2018 | 1414 | 0

Быйыл Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында  10 жаңжал катталган. Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 4 окуяга аз. Анын басымдуусу кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде катталган. Анткени Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара тилкелери тактала элек. Мындан улам эки элдин ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн улам чыр чыгып келгенин жетекчилер белгилейт. 

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу болгон, бирок курч элементтер менен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын маалыматына караганда, 9 айдын ичинде 10 чек ара окуясы болгон. Бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 4 окуяга аз. Анын ичинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жетөө, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде үчөө болгон.

  Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда дагы 519 чакырым чек ара тактала элек. Чек аранын такталбай жатышы эки өлкөнүн чек арага жакын айылдарындагы жашоочулардын ортосунда чатак чыгарууда. Ал жакта жер, жайыт, суу талаштар болуп жатат. Ошондой эле элдердин чек арага тыгыз жайгашканы чатакка себеп. Бул маселелер Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан гана эмес, өкмөт тарабынан да катуу көзөмөлгө алынып, иштер жүрүп жатат. Биздин маалымат боюнча жакынкы күндөрү эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, маселени чечүү аракеттери көрүлөт.

Тажикстан Баткендин Лейлек жана Баткен райондору менен чектешет.

Баткен районунун Көк-Таш айылы да коңшу мамлекет менен чектеш жайгашып, эң көп жаңжал ушул айылда катталып келет.  Аталган айылдын башчысы Разия Өсөрова бул аймакта эки өлкөнүн жарандарынын тирешүүлөрү тез-тез кайталанып турарын билдирди.

Биздин айыл чек арада жайгашкандыктан, кыргыз-тажик урушу 1993-жылдан бери болуп келет. Мурун тажиктер биздин айылда жок болчу. Алардын көчүп келгенине он жыл болду. 2014-жылы тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына өтүп кирип, чыр-чатак атышууга чейин барды. Ал эми 2015-жылы мүрзөнүн айынан таш менен уруша кеттик. Былтыр тажик чек арачылары мени сүйрөп кетип, тепкилеп салышты.

Адистер кыргыз-тажик чек арасын тактоо өлкө башчыларынын деңгээлинде чечилиши керектигин бир канча ирет айтып келишкен. Бүгүнкү күндө делимитация жана демаркациялоо маселеси токтоп калганын мурунку вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев айтат.

Тилекке каршы, акыркы эки жылдан бери бул маселе токтоп турат. Чек ара боюнча өкмөттүн алдында комиссия жана вице-премьер-министр бар. Ушундай эле жетекчилер тажик тарапта деле бар. Алардын чек араны тактоо боюнча жолуккандарын көрө элекмин. Маалымат деле чыкпай жатат. Чек ара маселесин чечүүгө эки тарап тең кызыкдар болуп аракеттер башталганда гана чечилет.

Тажикстан чек араны делимитация жана демаркациялоо ишинде 1924-1927-жылкы картага, Кыргызстан болсо 1956-1958-жылкы документтерге таянып келет. Эки документ бири-бирине караманча каршы экенин адистер белгилейт.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев кыргыз-тажик чек арасы эң көйгөлүү болуп келе жатканын белгиледи.

Анын айтымында, чыр-чатак суу жана жер маселесинен улам чыгууда. Элдин бул көйгөйүн чечүүгө өкмөт тараптан жардам болууда, бирок ал жетишсиз.

-Чек арадагы айылдарда жумуш орундары жок. Элге социалдык жардамдар жеткиликтүү берилбейт. Инфраструктура жакшыртылбай келет. Ошол жакта жашаган элге рахмат айтышыбыз керек. Кандай кыйынчылык болбосун жерди сактап, жашап келишет. Негизи жол, суу жана башка маселелерди чечүүгө болот.

Расмий маалымат боюнча, кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. Эки өлкөнүн ортосунан өткөн чек ара тилкенин жалпы узундугу 970 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 403 чакырымы тактала элек. Чек аранын такталбаганынан улам чек аралаш аймактарда мезгил-мезгили менен куралдуу жаңжалдар чыгып, адам өмүрү кыйылып келет.

Copyright © 2017 Maral FM