Биз менен байланышыңыз

«Русгидро»-Өкмөт чуусу сотко жетти

Саясат | 15 Окт 2018 | 1109 | 0

Орусиянын «РусГидро» энергокомпаниясы Кыргызстанды сотко берди. Тагыраагы, өлкөгө  каршы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, бул ишти кароочу сот курамы бекилгени айтылууда. Себеби «РусГидро» Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашуудан бир тараптуу чыгып кеткени үчүн Кыргызстанды айыптап, долбоорго кетти делген 37 млн доллар каражатты кайтаруу талабын коюп жатат.

«Русгидро» компаниясы сотко кайрылуусуна «Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына жумшалды» деген 37 миллион долларды «Кыргызстан эмгиче төлөп бере элек» деген жүйөнү келтирүүдө. Компаниянын Гаага сотуна кайрылуусу коомчулукта ар кандай талданып жатат.

Бул маселени учурда өкмөт карап жатканын Улуттук энергохолдингдин басма сөз катчысы Чынгыз Жумагазиев билдирди.

-2016-жылы өкмөттүн тапшырмасы менен ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Бул комиссия Русгидрого компенсация төлөө жана башка маселелерди караган. Комиссияга бардык кызыкдар болгон тараптар кирген. Анын ичинде өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, юстиция, финансы министрликтери, финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жана энергохолдинг бар. Анын төрагасы болуп өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисинин орун басары болуп эсептелет. Кыргыз өкмөттүн сотко бергени боюнча комиссия карап жатат.

Русгидро 2014-жылы Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушун баштап, кийинки жылы каржылануу жагы кечиктирилип жатканына байланыштуу макулдашуу боюнча маселелер көбөйө баштаган. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келатат. Буга чейин бересе кайтарылбаса, эл аралык арбитражга кайрыларын эскерткен.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мамлекеттин мына ушундай абалга кептелип жатканына өкмөт күнөөлүү деди.

Анын айтымында, Кыргызстанда келишимди түзүүдө же аны жокко чыгарууда анализ жүргүзүлбөй жатат.  Эгер тиешелүү кызматкерлер ошондо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир тараптуу келишимден чыгып кетпей, акылдашып иш кылышса, бүгүн эч ким бири-бирин сотко бербейт эле.

-Жоопкерчилик өкмөттө. Анан өзүбүздөгү дагы бир чоң көйгөй, өкмөт улам алмаша бергендиги, белгилүү бир адамдарга жоопкерчиликти артууга мүмкүн болбой жатат. Бирок адам алмашканы менен өкмөт ордунда, мына ошол өкмөт жооптуу. Биздин өкмөт президент же Жогорку Кеңештен уруксат алмайынча иш кылбай, өз мойнуна ишти албай көнүп калган. Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Ким күнөөлүү деп тирешпей, президент, өкмөт аралык сүйлөшүүлөр жүрүшү керек. Достук, биздин тарыхыбыз менен келечегибиз 37 миллионго барабар эмес да. Ошондуктан бир гана жолу сүйлөшүүлөргө барыш керек.

Белгилүү болгондой, орусиялык компаниянын башчысы Николай Шульгинов кыргыз өкмөтү менен конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок Кыргызстандан жооп болбой жатканын айткан. Кыргыз өкмөтү чоң чыгымдарга учурап калбашы үчүн сүйлөшүүлөргө баруусу керектигин эксперттер белгилейт.

Отун-энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев соттон орус тарап утуп чыгат дейт. Ошондуктан өкмөттү компания сурап жаткан каражатты карыз катары моюнга алууга чакырды.

-Буга чейин Русгидро сотко кайрыла турганын эскертип келди. Биздин жетекчилер аны көңүлүнө да албастан тоготуп койбоду. Эми сотко жеткизбей эле каражатты мойнуна алып туруп, орусиялык компанияга төлөп беребиз деп келишим түзүш керек. Мындай кылбаса чыр-чатак болуп, «Кумтөрдүн» активдерин алып коёт. Орусия менен мамилени бузбоо керек.

Өткөн жылы ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз өкмөтү «Liglass» чех компаниясы менен келишимге кол коюп, карызды төлөп берүүнү убадалаган.  Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык «РусГидро» ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Бирок чехиялык компания бул сумманы өз убагында төлөп бере алган эмес. Мындан улам келишим бир тараптуу жокко чыгарылган.

Энергетика тармагындагы эксперт Бекбоо Маматбеков өкмөт колунан келген аракеттерин кылып келе жатат деп, эми сарпталган каражатты анализдеп чыгуусун сунуштады.

-Өкмөт келишим түзгөндөн бери жакшы эле иш-аракеттерди кылды. Аларды деле күнөөлөгөн болбойт. Жанагы 37 млн доллардын коротулушу боюнча иликтешсе, күнөөлүү тарап аныкталып калат.

Эске салсак, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​

Copyright © 2017 Maral FM