Орусиянын «РусГидро» энергокомпаниясы Кыргызстанды сотко бергени маалым болду. Тагырaагы, Кыргызстанга каршы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, бул ишти кароочу сот курамы бекилгени айтылууда. «РусГидро» Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашуудан бир тараптуу чыгып кеткени үчүн Кыргызстанды айыптап, долбоорго кетти делген 37 млн доллар каражатты кайтаруу талабын коюп жатат. Мына ушул теманын алкагында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев менен маектештик.
Бул соттон ким утат да ким утулат?
-Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча эки мамлекет ортосунда макулдашуу болуп, «РусГидро» ишканасы сөз болуп жаткан эки энергетикалык объектини курмай болгон. Бирок иш созулуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган. Өкмөт парламентке ушул сунуш менен келгенде, жумшалган каражаттар эмне болот деген суроо койгонубузда, Кремль менен сүйлөшүлөр болду деген жооп укканбыз. Бул жерде эми «РусГидро» талап кылууга толук укуктуу. Толук сумма болбосо да, белгилүү каражат алууга укугу бар. Анткени бизде комиссия түзүлгөндө каражаттар туура эмес сарпталганы белгилүү болгон.
Ооба, компания талап кылып жаткан 37 млн доллардын баары кетпегинин атайын түзүлгөн комиссия айтып чыкты эле. Анда калган каражаттар кайсыл жакка кетиши мүмкүн?
-Калган каражаттар кайсыл жакка кеткенин айта албайм. Орусия каскаддагы курулушка 37 миллион доллар жумшалганы тууралуу документтер менен келишкен. Бирок каскадда чоң сумма коротулгандай абал жок. Ошондуктан бул маселени эсептөө палатасына, прокуратурага тапшырып бергенбиз. Ошону менен ал да калып кетти. Эсиңиздерде болсо кийин өкмөт «Лиглас» трейдинг компаниясын алып келип, мына ошол миллиондорду төлөп, ГЭСтерди да курат деди эле. Анын арты баарыбызга эле маалым.
Мамлекеттин мына ушундай абалга кептелип жатканын ким күнөөлүү? Жоопкерчилик тарктан кызматкерлерди көрө албай жатабыз.
-Жоопкерчилик өкмөттө. Келишимдерди түзүп же аны үзүп жатканда жакшы анализ болбой жатат. Ошол учурда Орусияда кризис болуп, айрым долбоорлор токтоп калган. Эгер тиешелүү кызматкерлер ошондо сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир тараптуу келишимден чыгып кетпей, акылдашып иш кылышса бүгүн эч ким бири-бирин сотко бербейт эле. Анан өзүбүздөгү дагы бир чоң көйгөй, өкмөт улам алмаша бергендиги, белгилүү бир адамдарга жоопкерчиликти артууга мүмкүн болбой жатат. Бирок адам алмашканы менен өкмөт ордунда, мына ошол өкмөт жооптуу.
Компаниянын башчысы Николай Шульгинов кыргыз өкмөтү менен конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок Кыргызстандан жооп болбой жатканын айткан экен. Кыргыз өкмөтү чоң чыгымдарга учурап калбашы үчүн кандай кадамга барышы керек?
-Биздин өкмөт президент же Жогорку кеңештен урусат алмайынча иш кылбай, өз мойнуна ишти албай көнүп калган. Алар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Ким күнөөлүү деп тирешпей, президент, өкмөт аралык сүйлөшүүлөр жүрүшү керек. Достук, биздин тарыхыбыз менен келечегибиз 37 миллионго барабар эмес да. Ошондуктан бир гана жолу сүйлөшүүлөргө барыш керек.
Маегиңизге рахмат.