Биз менен байланышыңыз

Эрлан Абдылдаев кызматтан кетти

Кыска кабар | 12 Окт 2018 | 1531 | 0

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кетти. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечимге президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону маалыматта айтылган. Жолдогон билдирүүсүндө Абдылдаев министрликтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

Кошумчалай кетсек, Эрлан Абдылдаев 6 жыл бою Тышкы иштер министри кызматын аркалап келген.

Copyright © 2017 Maral FM