Биз менен байланышыңыз

Багы ачылбаган «Коопсуз шаар»

Коом | 11 Окт 2018 | 1172 | 0

Депутаттар «Коопсуз шаар» долбооруна өткөрүлгөн тендерлер боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылды. Көптөн бери жүзөгө ашырылбай келаткан долбоорду парламентте карап, талкуулап, тиешелүү чечим чыгарууну сунуш кылышты. 

Өткөн аптада мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссия «Коопсуз шаарды» ишке ашыруучу катары тандалып алынган “Вега” концернинин «иш тажрыйбасы жок» деп жыйынтык чыгарды.

Буга сынакка катышкан дагы бир орусиялык «Маалымат тутумунун коопсуздугу» мекемесинин жазган арызы негиз болгон. Бирок «Вега» концерни комиссиянын чечимине каршы экенин билдирген.

Мындан улам Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үзгүлтүккө учурап келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Абдывахап Нурбаев 2012-жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 7 тендер өткөрүлүп, бузулуп келе жатканын сынга алды. Ал дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерде мындай долбоорлор эчак ишке ашырылып, ийгиликтүү иштеп жатканына токтолду. Эл өкүлү жүзөгө ашырылбай келаткан долбоорду парламентте карап, талкуулап, тиешелүү чечим чыгарууну сунуш кылды.

Биз өкмөттүн деңгээлин көрдүк. Эмнеге татыктуу экени билинди. Эми сынак боюнча бири-бирин сотко берип жатышат. Премьер-министр керек болсо парламентке өзү келсин. Ушундай өкмөттүн кереги барбы бизге? Дүйнөдө башка өлкөлөр «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизип жатат. Биз болсо отурабыз. Уят!

Аталган көйгөйгө  депутат Алтынбек Сулайманов да токтолуп, акыркы сегиз жылда өлкөдө жол кырсыгынан сегиз миңдей жаран каза болгондугун, миңдеген кылмыш иштери ачылбай келатканын баса белгиледи. Долбоорго Ички иштер министрлиги, Байланыш боюнча мамлекеттик комитет каршы  болуп жатканын да болжоду. Депутат Башкы прокуратура “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендерлердин үзгүлтүккө учурап жатышынын себептерин иликтеп чыгып, жооптууларды жазага тартууну демилгеледи.

-Коңшу Казакстан менен Тажикстанда аталган долбоор 4-5 жыл мурун ишке кирген. Бул иштин уюштуруу тартибин башка нукта жүргүзүп, мындай иштерди колдонууга киргизген дүйнөлүк компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Уюштурууну дүйнөлүк абройлуу уюмдарга бериш керек. Ошолор компанияларды таап бериши зарыл. Өзбекстан ушул ыкманы колдонуп жатат. Биздин өкмөт эмне үчүн ушундай иштерди кыла албайт? Дүйнөлүк согуш 5 жылда эле бүткөн. Биз болсо «Коопсуз шаарды» 8 жылдан бери бүтүрө албай келебиз. Тендерди уюштуруп келгендердин баарына иш козголушу керек. Башкы прокуратура иликтеп чыгышы шарт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссия кабыл алган чечим менен макул болбой, Бишкектин райондор аралык сотуна арыз менен кайрылды. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз катчысы Зирек Асанова билдирди.

Өткөн аптада бул комиссия буга чейин долбоорду ишке ашыруучу катары тандалган орусиялык «Вега» концерни тууралуу «талапка жооп бербейт» деген чечим чыгарган эле. Аны жокко чыгарууну өтүнүп райондор аралык сотко кайрылдык. Эми соттун чечимине жараша иш-аракеттер болот.

Ал эми мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев «Коопсуз шаар» долбоорун өкмөт өз күчү менен ишке ашырып коюуга болорун айтат.

Анын белгилешинче, өлкөдө мыкты IT адистер көп. «Коопсуз шаарды» Кыргызстан өз күчү менен гана жасай алат.

Биринчи камераларды койгондо эле айыппулдар жарандардын үйүнө келип баштаган. Ошондуктан өз аракетибиз менен кылсак болмок. Биз аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн убагында экс-президент Алмазбек Атамбаевден 9 млн сом гана сураганбыз. Бир кварталды камера менен камсыз кылсак, андан түшкөн каражатка башка аймактарга да камера орнотмокпуз. Бул долбоорду жарандык коом жасай албайт.

Саясат талдоочу Бакет Бакетаев аталган долбоордун тендерлеринин жыйытыгы ийгиликсиз аяктап жатканын коррупция менен байланыштырды.

-«Коопсуз шаар» долбоорун мамлекеттик компания ишке ашыруусу керек. Жеке компания жол эрежесин бузган айдоочулардан айыппулду ар кандай суммада алуусу мүмкүн. Мындан улам айдоочулар бир топ түйшүккө кабылат. Менин оюмча, сүрөткө тартууну киргизүү каракчылык деп эсептеймин. Бишкектин жолдорун стандартка келтирип, жарыктандыруу жана светофорлорду шартка ылайыкташтырып беришсе. Ошондо айдоочуларыбыз айыппулду эч сарсанаа болбостон төлөйт эле.

Эске салсак, акыркы жолу «Коопсуз шаар» долбоору боюнча 2018-жылдын 4-сентябрында аукцион өткөн. Анын жыйынтыгында комиссия катышуучу компаниялардын документтерин карап чыгып, “Вега” радио куруу концерни” компаниясын жеңүүчү катары сунуштаган.

Copyright © 2017 Maral FM