Биз менен байланышыңыз

Таалайкул Исакунова отставкага кетти

Кыска кабар | 11 Окт 2018 | 834 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкул Исакунова берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак, Башкы прокуратура эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барганын аныктаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM