Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда кадр саясаты кризиске кептелдиби?

Саясат | 10 Окт 2018 | 2091 | 0

Саясат талдоочулар аткаруу бийлигинде кадрдык кризис бар экенин, саналуу гана аткаминерлер кызматтан-кызмат алмаштырып жатканын сынга алышууда. Ошону менен бирге өлкөдө кадр тандоо тармагы реформага муктаж экенин белгилешет. Мындан тышкары өкмөт мүчөлөрүн айрым иш аракеттери коомчулуктун сынына көп кабылууда.  Ушул күндөрү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын кызматтан кетүү тууралуу арызы өкмөткө келип түштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Ал ортодо министрдин орун басары журналисттерге кызматтан кете тургандыгын жана ар кандай сөздөрдөн тажагандыгын айтып чыкты. Мамытовага чейин деле өкмөттүн айрым өкүлдөрү терс аракеттеринен улам кызматынан өз арызы менен кеткен учурлар болуп келген. Мындан улам саясат талдоочулар өлкө кадрдык кризиске кептелип отурганын белгилешет.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева кызматка партиялык квота менен келген кызматкерлер өз ишин жөндөп кете албай жатканын билдирди. Мындан улам ал президент, өкмөт кадр саясатына талапты катуу коюшу керек деп эсептейт.

-Бизде иштей турган кесипкөй кадрлар абдан көп. Аларды бийликтегилер көргүсү да келбей жатат. Азыр саясий кызматка, жада калса катардагы жумуш орундарына кадрлар тааныш-билиш менен келип, кыйын кадрлар көмүскөдө калууда. Алар кызматка жулунуп, жутунушпайт.

Коомчулук деле мамлекеттик кызматкерлердин иш-аракеттерине көз салып, терс пикирлерди айткандар басымдуулук кылат. Деген менен өлкөдө кадрдык кризис жок экенин Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 260 саясий кызматка кадрлар Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.  Калган орундарга кызматкерлер конкурстун негизинде тандалып алынат.

Коомчулукта кадрдык кризис бар айтылып жаткандыгынын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Биз кадрдык кризис болду дегенден алыспыз. Албетте, кээ бир дайындалган кызматкерлер тилекке каршы жумушун жакшы деңгээлде аткарбай, жалпы мамлекеттик кызматкерлердин ишине көлөкөсүн түшүрүп жатат. Бул боюнча жогорку жетекчилик тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. 

Мыйзам боюнча саясий кызматтарга Жогорку Кеңештеги коалицияга кирген фракциялар тарабынан талапкерлер сунушталып, дайындалат. Эл өкүлү Улан Примов болсо өлкөдө кадрдык кризис бар экенин четке какпайт.

-Дайындалган кызмат ордуна келген киши ошол тармактын мыкты адиси болуусу керек. Ошондо өнүгүү, өсүү болмок. Азыр өлкөдө кадрдык кризис бар. Муну президент өзү да айтып жатат.

Кадр кызматынын мурдагы башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев өлкөдө мыкты адистер бар экенин белгилеп, маселе алар мамлекеттик кызматка кандай тартылып жатканында экенин кошумчалайт.

-Иш алдыга жылбай жаткан учурда элдин, серепчилердин сыны абдан туура. Ал эми кадрлар болсо бүгүнкү күндө жетиштүү. Кадрларды даярдоо үчүн канчалаган убакыт, материалдык чыгым керектелет. Ошондуктан ар бир кадрды татыктуу карап, туура келген кызматтарга койсо, сөзсүз түрдө өлкөдө иш алдыга жылат.

Ал эми милициянын генерал-лейтенанты, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев саясий кызматка кадрларды дайындоо милдетин өкмөткө өткөрүп берүү керек деп эсептейт.

-Кызматка талапкерлерди депутаттар эмес ар бир министрлик өзү сунуштап, аларды окутуп, иштетиши керек. Менин иним болсо, квота менен кызматка коюсун айтмакмында. Анан тааныш-билиштер иштеши мүмкүн, бирок жыргатпайт. Азыркы күндө кызмат орундар сатылып калды.

Кыргызстанда жалпысынан 27 миңдей мамлекеттик кызматкер бар. Буга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров айрым министрликтердеги бири-бирин кайталаган, артык баш саналган кызмат орундары жоюларын билдирген. Бирок өкмөттүн аппараты, министрликтерде өзгөрүү болгон эмес.

Учурда 12 министрлик, эки комитет, алты агенттик, алты фонд жана инспекция бар.

Copyright © 2017 Maral FM