Биз менен байланышыңыз

Парламент спикери Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III отурумуна катышты

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 614 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркияда Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын III отурумуна катышты. Бул жыйынга 41 өлкөнүн делегациялары катышты.

Жыйындын алкагында экология көйгөйлөрү, дүйнөлүк чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды.

Түркиянын улуу улуттук жыйынын төрагасы Бинали Йылдырым аталган жыйындын алкагында парламенттер аралык байланыштарды арттыруу зарылчылыгына токтолду. Андан тышкары, ал Евразия өлкөлөрүндөгү эл аралык терроризм көйгөйлөрүн көтөрдү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Евразия чөлкөмү аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдүн борборуна айланганын, ал койгөйлөр терроризм, диний экстремизм, наркотрафик, куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү, миграция, климаттын өзгөрүшү экенин белгилейт.

Отурумдун соңунда биргелешкен декларация кабыл алынды. Ошондой эле кийинки отурумду 2019-жылы Астанада өткөрүү чечимине келишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM