Биз менен байланышыңыз

Прокуратура Сарпашевдин ишине кайра кайрылды

Саясат | 9 Окт 2018 | 1275 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Тайырбек Сарпашевге байланыштуу иш кайра жандандырылды. Ага карата 2017-жылы козголгон кылмыш иши токтоп турган. Учурда иш жандандырылып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. 

Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин  кылмыш ишин жандантты. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева билдирди.

-2017-жылы козголгон кылмыш иши токтоп турган. Иш жандандырылып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. Азырынча эч кимге айып коюла элек.

Өткөн жылы жаз айларында Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, аталган кызмат 2013-жылы өткөргөн тендерде мурдагы жетекчи мыйзамсыз протоколдук тапшырма бергени үчүн айыпталууда.

Буга чейин Тайырбек Сарпашев бул иште мыйзам бузуу болбогонун, өзүнө карата ачылган кылмыш иштеринин токтотулганын билдирген эле. Ал эми акыркы жагдайлар боюнча өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Прокуратуранын аныктаганы боюнча, Тайырбек Сарпашев тендерден утуп чыккан “Т.П” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору менен келишим түзбөй, башка ишканадан  балдардын туулгандыгы тууралуу 40 миң даана күбөлүгүн сатып алууну тапшырган.

Бирок ал документтердин ичинде “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун ордуна “нике тууралуу күбөлүгү” деп жазылганы белгилүү болгон. Ошондон улам, Мамлекеттик каттоо кызматына калк арасынан 11 миң 690 арыз түшкөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Сарпашевге козголгон иш убагында жабылганын айтып, кайра жанданганы суроо жаратарын айтты.

Анын айтымында, козголгон ишти жаап, кайра ачкандарды жоопко тартуу керек.

-Башкы прокуратура ар бир козголгон ишти текшерип, анализдешет. Сарпашевге козголгон ишти жабышкан. Кайрадан жандандырышты. А эмнеге ишти жаап салган кызматкерлерин жоопко тартышпайт? Бир ишти аып, аны кайра жапкан оюндарды токтотсок. Мында Башкы прокуратуранын жоопкерчиликсиздиги болуп жатат.

Мурда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысына карата козголгон иштин жанданганын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

-Жакында президент мурда козголгон кылмыш иштер кайра каралып, тергелип чыгарын айткан. Ошонун негизинде Сарпашевдин иши жандандырылган болсо керек. Буга Сарпашев өзү да кызыктар го. Анткени акыркы күндөрү анын дарегине ар кандай сындар айтылууда. Ошого күнөөлүү же күнөөсүз экени далилдениши керек.

Эске салсак, Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын ноябрында дайындалган. Өткөн жылы февралда Башкы прокуратура «Скрябин көчөсүндөгү 45 жана 45-А дарегинде жайгашкан Максим Бакиевге таандык 1,28 гектар жер тилкесин сатууга тыюу салган чечимди жокко чыгарууга аралашкан» деген негизде Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотууну сунуш кылган. «Жең ичинен сатылды» деген жер маселеси коомчулукта, парламентте кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн. Тайырбек Сарпашев былтыр июнда өз эрки менен арыз жазып, иштен кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM