Биз менен байланышыңыз

Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулады

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 1902 | 0

Маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин  айлык акысы 80 пайызга көтөрүлдү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга байланыштуу өкмөттү 2011-жылдын 19-январындагы «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна маданият мекемелеринин кызматкерлеринин маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселик коэффициент 1,8 өлчөмүндө белгилөө каралган өзгөртүүлөр киргизилди:

— Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын;

— Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театрынын;

— С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейинин;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин;

— Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук керкем сурет искусство музейинин;

— «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментине караштуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын.

Мындан тышкары, төмөнкү мекемелердин профессордук-окутуучулук курамынын, концертмейстеринин жана иллюстраторлорунун кызматтык маяналарынын өлчөмү 80%га көбөйтүлдү:

— Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын;

— М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын;

— С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик керкем сурет окуу жайынын;

— Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын.

Copyright © 2017 Maral FM