Биз менен байланышыңыз

Тогуз-Тородогу окуя боюнча жергиликтүү кеңештин депутаты камалды

Кыска кабар | 9 Окт 2018 | 809 | 0

Тогуз-Тородогу “Жи Эл Макмал Девелопинг” комбинатында орун алган жаңжал боюнча Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Тогуз-Торо районунда “Жи Эл Макмал Девелопинг” комбинатына таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөнү кабарланган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, массалык тартип бузаага катышкан 21 адам жоопко тартылган.

Милициянын маалыматында, кылмыш иши боюнча учурда 19 шектүү үй камагында. Алардын арасында Көк-Ийрим айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты да бар.

7-октябрь күнү Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы 1973-жылы туулган Ш.У. кылмышка шектүү катары суракка алынган. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайга 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM