Биз менен байланышыңыз

Молдобаев: Чиновниктердин сырткы сапарларын 90%га азайтуу керек

Күн чекит | 8 Окт 2018 | 1409 | 0

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүктүү министри Таалайкүл Исакунованын АКШга уруксатсыз барганын аныктады. Мекеменин сайтындагы маалымат боюнча, Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барган.

Министр 6-9-ноябрда эмгек өргүүсү учурунда АКШга, Аргентинага иш сапары менен барган. Мындан сырткары Санкт-Петербургдагы жыйынга катышып келген.

Башкы прокуратура буга чейин иштен бошотулган социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова Иран жана Түштүк Кореяга сапары учурунда дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун да аныктады. Бүгүнкү күнү чиновниктердин  бюджеттин эсебинен чет өлкөгө жасалып жаткан сапарлары жана аны тескөө жолдору тууралуу Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Нарынбек Молдобаев  менен «Күн чекит» программасында айтып берди.

-Чиновниктердин чет өлкөгө жасаган сапарларын кантип иретке салуу керек ?

Биринчиден, бюджеттин эсебинен эки жака чыккандарды токтотуу тууралуу өкмөттүн токтому керек. Эгерде ошончолук эле зарыл болсо, анда чакырган тарап төлөгөндөй болсун. Анткени мунун зыяны түздөн-түз бюджетке тийип жатат. Бүгүнкү күнү пенсия, жөлөп пул үчүн каражат тартыш болуп турганда  эки жака сайран кургандын кереги барбы? Буга чейин Каржы министри бизнес класс менен учканы үчүн кызматтан кетип кала жаздаган. Ушундай көрүнүштөргө өзгөчө көңүл буруу керек. Ал үчүн Эсептөө палатасы жакшы иштеши керек.

-Кыскартуулар кантип жана канча пайызга чейин болушу керек?

Бюджет кабыл алынып жатканда эле Жогорку Кеңеш ар бир министрликтин бюджетин бекитет. Ошондо ар бир берене каралышы  керек дагы сапарларга деген чыгымдарды кыскартуу керек. А эгерде ага карабай  бюджеттин эсебинен чет өлкөгө барып келсе, анда эсептөө палатасы каражаттар максатсыз пайдаланылды деп туруп чара колдонушу зарыл. Мен эң жөнөкөй мисал айтайын. Кореяга эконом класс менен эле барып келүү миң доллар. Ал эми жашаган мейманканалар күнүнө орточо 200 доллардан. Андан тышкары ичкен тамагыны кошкондо  5 миң долларга кетип калып жатпайбы… Бул биз үчүн абдан чоң эле акча. Бирок мында дагы чиновниктер өзү эле эмес, үй-бүлөсү менен барган учурлар жок эмес. Анан ичип алып кыргыз элин дүйнө жүзүнө шылдыңга калтырган  көрүнүштөр болуп жатпайбы… Ошондуктан мындай чыгымдарга деген каражатты 90 пайызга чейин кыскартып салган туура.   

-Ал эми сапарлар өз пайдасын берип жатабы?

Мен сапарлардын пайдасын таптакыр көргөн жокмун. Жапониянын гранты менен биздин көп чиновниктер барып окуп келишти. Ошолор боюнча өкмөт жооп берсин деген суроо дагы болгон. Экинчиден депутаттар сыртка учуп барганда дагы ассамблеялардын эсебинен барса туура болот эле. Экинчиден, мекенине келгенде Жогорку Кеңештин трибунасына чыгып отчет берсе. Бирок андай жок да. Барып келгенин эч ким маалымдабайт. Мындай сапардан Кыргызстан пайда ала турганда гана жасалышы керек.

Маегиңизге рахмат!

 

 

Copyright © 2017 Maral FM