Connect with us

«Коопсуз шаар» үчүн ким жооп берет?

Коом | 8 Окт 2018 | 1181 | 0

Алты жылдан бери айтылып, бирок ишке ашпай келе жаткан “Коопсуз шаар” долбоору боюнча дагы бир чыр чыкты.

“Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу катары тандалган «Вега» компаниясынын иш тажрыйбасы жок. Мындай бүтүмдү Мамлекеттик сатып алуулар департаментиндеги арыздар боюнча түзүлгөн комиссия чыгарды.  Маалыматка караганда, “Вега” компаниясы “Коопсуз шаар” долбоорлорун ишке ашырып, 9 миллион долларды өздөштүрө алганы жөнүндөгү далил документтерин көрсөтө алган эмес. Бул тууралуу департаменттин башчысы Улан Өзүмбеков билдирди.

Бүгүнкү күндө көз карандысыз комиссия өз чечимин чыгарды. Даттануулар негиздүү деп табылды. Анда «Вега» компаниясы тажрыйбасы жок деп айтылган.  Бүгүнкү күндө Байланыш агенттиги бул чечим менен таанышып жатат.  Андан соң конкурсттук комиссия өз чечимин кабыл алышат.

Бирок азырынча бул комиссия ишин  толук жыйынтыктай элек.

Алты жылдан бери үзүлүп, уланып кете албай жаткан долбоордун эртеңкисин эмне күтүп жатканы белгисиз. Анткени Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети бүгүнкү күнү долбоор үчүн толук жоопкерчиликти алууга даяр эмес. Комитеттин жетекчиси Бакыт Шаршембиев  бул орган долбоорду аткаруучу тарапка  буюртма берген гана орган экенин айтып буларды белгиледи.

Долбоор боюнча жоопкерчилик маселесин азыр айта албайм. Биз бул жерде буюрма берүүчүбүз. Бирок биз өз позициябызга турабыз. Азыр көз карандыз комиссиянын чечимине түшүнбөй жатам. Анткени буга чейин конкурстук комиссия компания менен толук таанышып чыккан. Азыр 23 кишинин чечимин үч эле киши жокко чыгарып калууда. Бул туура эмес. Ошондуктан азыр эксперттер менен сүйлшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Ал эми 23 кишиден турган тендерди өткөргөн конкурстук комиссия дагы утуп чыккан  “Вега” компаниясынын документтери  мыйзамга туура келет деп чыгышкан. Бир гана депутат Аида Исмаилова өзгөчө пикирин кат жүзүндө берген. Катта сатып алуунун процедурасында ката бар экенин көрсөткөн.

Бул долбоор менен таанышканда эле менин өзгөчө пикирим бар болчу. Аны мен жазуу түрүндө бергем. Мен мамлекеттик сатып алуу процедурасы менен макул эмесмин. Долбоордун жалпы суммасы 2,5 млрд  болуп жатпайбы. Мындай сумма Байланыш агенттигинде жок. Анан булар кантип мамлекеттик сатып алуу деп жатышат? Мен түшүнбөйм. Бул пикирди айтып чыкканын менен протоколго киргизбей коюшту.

Эми бири-бирине каршы келген комиссиялардын чечимдери талкууга алынат жана  сотто каралат.

Чындыгында жол коопсуздугун камералардын жардамы менен көзөмөл кылуу идеясы 2011- жылы Өмүрбек Бабанов премьер-министрлик кызматка дайындалаар алдында айтылган. Ошону менен беш өкмөт башчы алмашканы менен долбоор алдыга жылган жок.

Кийин мурунку өкмөт башсы Сапар Исаковдун кезинде долбоордун аты ”Коопсуз шаардан” “Акылдуу шаарга” айланып, чечкиндүү кадамдар ташталган. Бишкектеги жолдордун айрым кесилиштерине камералар орнотулуп, сынамак иретинде мыйзам бузган айдоочулар көтсөтүлгөн. Бирок бул жолу дагы долбоордун жолу болгон жок. Дүйнөгө  тажрыйбасы чоң деген “Huawei Technologies Co. Ltd.С” компаниясы  менен кол алышуу болгону менен  эки тараптуу келишим жокко чыгарвлды.

Ал үчүн жоопкерчилик  кызматкерлерди иштен алуу менен гана чектелген. Бирок бул кадам кийинки келгендерге эч кандай сабак  болбой жатканын эксперт Сейтек  Качкынбай айтат. Ал «Марал» радиосуна берген маегинде тендерди туура эмес өткөргөндөрдүн атын атап, жазасын алууну  талап кылуу керектигин белгиледи.

Бул маселеге 100 пайыз мамлекет жооп бериши керек. Онлайн аукционду башка фирмалар өткөргөн жок да. Демек күнөлүүлөр кимдер экени ачык айтылышы керек жана тийиштүү жазасын алсын.  Бул оюнчук эмес. А бизде дайыма кайталанып көнүмүшкө айланып калды. Бул жолу дагы ошол эле көрүнүш кайталангандай болуп отурат.

Коомчулукка сөз менен гана сиңип жаткан “Коопсуз шаарды” эми өкмөт өзү ишке ашырууга тийиш. Буга Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов  “Huawei” компаниясы менен келишим түзүлүп жаткан кезде эле ынанган. Анткени бул долбоор өзүн актаган тармак болгондуктан өкмөт кирешени өзүнө алып калышы керек. Бул өңүттөн алганда иш эртеңкиге калбай, бүгүн башталууга тийиш.

Буга чейин өкмөт бул добоорду өзү ишке ашыра турганы айтылган. Эми дүйнөгө уят болуп отурбай өзүбүз эле жасайлы. Мен бул идеяны эбак эле айтып келгем. Анткени бул тармак өзүн-өзү бат эле актайт. Кайсы бир инвестордун чөнтөгүнө кеткен каражат мамлекеттик казынага түшсө жаманбы? Бизде деле тажрыйбалуу адистер бар.

Эми “Коопсуз шаардын” келечеги дагы да болсо суроо бойдон калууда. Эми кандай жыйынтык качан чыгаары  белгисиз.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM