Биз менен байланышыңыз

Тайырбек Сарпашевге байланыштуу иш кайра каралат

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 769 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку башчысы Тайырбек Сарпашевге байланыштуу иш кайра жандандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымадады.

Ага карата 2017-жылы козголгон кылмыш иши токтоп турган. Учурда иш жандандырылып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, былтыр жаз айларында Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага ылайык, аталган кызмат 2013-жылы өткөргөн тендерде мурдагы жетекчи мыйзамсыз протоколдук тапшырма бергени үчүн айыпталууда.

Прокуратуранын аныктаганы боюнча, Тайырбек Сарпашев тендерден утуп чыккан “Т.П” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору менен келишим түзбөй, башка ишканадан 40 миң даана балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн сатып алууну тапшырган.

Бирок ал күбөлүктөрдүн ичинде “туулгандыгы тууралуу күбөлүк” деген жазуунун ордуна “нике тууралуу күбөлүгү” деп жазылганы белгилүү болгон. Ошондон улам, Мамлекеттик каттоо кызматына калк арасынан 11 миң 690 арыз түшкөн.

 

Copyright © 2017 Maral FM