Биз менен байланышыңыз

Султанбек Жумагулов — некролог

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 714 | 0

Кыргыз маданияты жана Кыргызстандын журналисттер коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады.

Узакка созулган катуу оорудан кийин 60 жашка караган курагында жазуучу, журналист, котормочу, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Султанбек Жумагулов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Султанбек Жумагулов 1959-жылы 1-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунундагы Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган соң, 1981-жылдан тартып, ал республикалык «Ленинчил жаш» (кийинчерек – «Жаштык жарчысы», «Асаба») гезитинин редакциясында иштеген. 1991-жылдан тартып, башкы редактордун орун басары катары алгачкы республикалык парламенттик «Эркин Тоо» гезитинин калыптанышына чоң салым кошкон. 1993-2013-жылдары «Kyrgyzstan Chronicle», «Асаба» гезиттеринин редакцияларында, BBC радиосунун Дүйнөлүк кызматынын кыргыз редакциясында иштеп, ошол эле учурда согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Улуу Британия институту менен кызматташкан. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык кызматын жана «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеген. 2013-жылы – «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын директорунун милдетин аткаруучу. 2014-жылы – Коомдук телерадиокорпорациянын башкы директору болгон. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген.

Султанбек Жумагулов 2017-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Кийинки айларда ал оор сыркоо менен күрөшүп келген. Ага карабастан өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ал өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарды.

Султанбек Жумагулов адамгерчилик ариети бийик жана таза, жупуну, чыныгы интеллигент адам болгон. Өзүнүн көп жылдык топтогон тажрыйбасынын натыйжасында “Журналистикага жол” аттуу колдонмо китебин жазган. Ал тарбиялаган журналисттер, чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ири массалык маалымат мекемелеринде, мамлекеттик кызматтарда жетекчилик кызматта талыкпай эмгектенишүүдө.

Султанбек Жумагулов публицист жана медиа эксперт да катары белгилүү болчу. Ал «Кыргызча жашоо бормулалары» деген китебинде өзүн чебер сатирик катары азыркы турмушубузду чагылдырып, анын терс жактарына коомчулуктун көңүлүн бурган. Султанбек Жумагулов өз элинин мекенчил уулу, чынчыл, боорукер жана эмгекчил инсан эле. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат.

Жээнбеков С.Ш., Джумабеков Д.А., Абылгазиев М.Д., Бакиров М.И., Кодуранова А.С., Боронов К.А., Разаков Ж.П., Омурбекова А.С., Аскаров З.М., Молдобекова Г.С., Эсеналиев Д.А., Асымбеков Ш.У., Ибраев С.Т., Абдылдаев Э.Б., Джунушалиев К.А., Джаманкулов М.Т., Касымалиев А.А., Панкратов О.М., Мурашев Н.М., Калилов Ж., Мирзахмедов Н.С., Кудайбердиева Г.К., Чолпонбаев К.С., Исакунова Т.Б., Кадыркулов И.А., Тердикбаев Э.Дж., Осмонбетов Э.К., Шаршембиев Б.Н., Стамалиева Т.Т., Карыбаева М.А., Нуракун уулу Ибраим, Эсенгул уулу Чынгыз, Раев С.А., Жакиев Б.Ж., Байжиев М.Т., Айдаркулов М.К., Секимов Б.Ш., Темирбекова А.К., Султанбаева А.Ж., Жаманкулов А.К., Бектеналиев М. Норузбаева Б.Ш., Карыпбеков И.М., Мусаев А.,Садыков Т.С., Шамшиев Б.Т., Сартбаева К.С., Токтакунова С.Т., Токтоналиев С.Т., Абдыкалыков А.А., Рыскулов А., Нурманбетов Т., Кулмамбетов Ж.О., Осмонов Б.С., Осмонов К.А., Өзүбеков А.А, Кузнецов Е.Ю., Исанаев К.Ж., Сманбеков Т.К., Айдаров О.Б., Шаршеев Ш.А., Куланбаев Б. Ч., Алдакулов Ж.Ж.,

Маркум Султанбек Жумагулов менен коштошуу зыйнаты 2018-жылдын 10-октябрында саат 10.00дө Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.

Copyright © 2017 Maral FM