Биз менен байланышыңыз

Насыя, гранттардын пайдаланылышын комиссия иликтейт

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 673 | 0

Кыргызстан 25 жыл аралыгында сырттан 10млрд долларга чукул насыя жана грант алган. Анын 72 пайызы насыя, 22 пайызы грант. Бул тууралу Финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Негизги кредиторлор Кытай, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Оруссия. Каражаттын басымдуу бөлүгү — жол тармагына 25 пайыз, энергетикага 21 пайыз,  бюджетти колдоого 27 пайыз, айыл чарбасына 6 пайыз жана аз бөлүгү социалдык секторго кеткен.

Депутат Айсулуу Мамашева жол тармагына алынган насыялардын колдонулушу ачык-айкын эместигин сынга алды.

Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, Балыкчы-Корумду жолун курууда 119 млн сомдук тартип бузуу табылганын билдирди.

Депутат Акылбек Жапаров 27 жыл ичинде 2 млн 777 млн таза гранттын дайыны кайда деген суроо салып, алынган акчалардын эсеби жок экенин сындады.

Соңунда депутаттар алынган насыя-гранттардын эффективдүү иштетилишин иликтөө боюнча атайын жумуш тобун түзмөй болду. 3 айдан соң иликтөөнүн алгачкы жыйынтыгын чыгарат.

Copyright © 2017 Maral FM