Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө казак түрмөсүнөн качкан кооптуу кылмышкер кармалды

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 926 | 0

Ысык-Көл облусунда казак түрмөсүнөн качып кеткен кооптуу кылмышкер кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан изделип жаткан өзгөчө кооптуу кылмыштуу топтун башчысы кармалды.

5-октябрга караган түнү  Каракол шаарынын аймагында таластык Жылдызбек Бекмурзаев аттуу 32 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Буга чейин ал каракчылык, зордуктоо, уурдоо боюнча соттолуп чыккан. Ал качып жүрүп издөөгө алынган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM