Биз менен байланышыңыз

Экс-президенттердин кол тийбестиги арсар абалда

Саясат | 5 Окт 2018 | 1441 | 0

Кыргызстандын Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестиги болушу керек деп чечим чыгарды. Ошону менен бирге кол тийбестик аракеттеги президентке берилген кепилдик катары сыпатталган. Эгерде экс-президент кандайдыр бир кылмыш кылган болсо, анын кол тийбестигин алып сала турган механизмди паралмент карап чыгуусу керектигин сунуштаган.  Башкача айтканда «экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы импичменттин процедурасынан жеңил болбош керек» деген бүтүм чыгарган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун өтүнүчүн карап, аны жарым-жартылай канааттандырды. Бул тууралуу Нурбек Токтакунов билдирди.

Конституциялык палата чыгарган чечимге ылайык, укук коргоочунун өтүнүчү Конституцияга каршы келет. Анын себебин кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары каралбай калганы менен негиздеди. Токтакунов кайрылуусунда кол тийбестикти таптакыр алып салууну өтүнгөн. Ал эми Конституциялык палата «кол тийбестик керек, бирок ага кошуп кол тийбестиктен ажыратуу процедуралары да каралсын» деген мааниде чечим чыгарган.

Конституциялык палата «Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги тууралуу» мыйзамдын 12-беренесин конституциялык эмес деп тапты. Жөнөкөй тил менен айтканда, бул берене Баш мыйзамга каршы келет. Анткени анда кол тийбестикти алуу жараяны каралган эмес. Ошону менен бирге эле алар Жогорку Кеңешке экс-президенттин кол тийбестигин алышыңар керек деп жатышат. Бирок бул жерде анын кол тийбестигин алуу аны кызматтан алууга караганда да татаал жараян болот.

Токтакунов кошумчалагандай, президенттин аппаратынын парламенттеги жана башпрокуратырадагы өкүлдөрү мурдагы президенттин кол тийбестиги сакталуусун жактоодо.

Буга чейин укук коргоочу Конституциялык палатага «Президенттин ишмердигинин кепилдиктер жөнүндөгү» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Бул норма экс-президенттердин кол тийбестигин шартсыз түрдө камсыздайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Конституциялык палатанын экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча чечими парламентке келип түшө элек дейт. Бирок массалык маалымат каражаттарына таркатылган билдирөөлөрдү окуп чыгып, экс-президенттин кол тийбестигин алуу милдетин өкмөт менен парламентке түртүп койгонун белгиледи.

-Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу мыйзам болсо парламент аркылуу жөнгө салынып турат. Ошондуктан Конституциялык палата так чечим чыгарганга даай алган жок. Менин корккконум бул мыйзамды талкуулоо учурунда Жогорку Кеңеште эки ача ой пайда болуп, ызы-чуу чыкпаса эле болгону.

Буга чейин эл өкүлдөрү Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев «Кыргызстандын экс-президенти» деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек» деген демилге менен чыгышкан. Тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, жакынкы аралыкта комитеттин кароосуна киргизилмекчи.

Эми парламент Конституциялык палата чыгарып берген чечимди аткаруусу керек. Мындай пикирди Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

-Азыр Масалиев менен Зулушевдин долбоору каралбайт. Анткени экс-президенттердин кол тийбестиги боюнча чечим чыгарды, буга байланыштуу долбоор кайрадан иштелип чыгышы керек. Анткени чечимде көрсөтүлгөн нерселер долбоорго киргизилиши зарыл. Депутаттар маселени туура көтөрүп жаткан. Баш мыйзамда кол тийбестикке добуш берет деген көрсөтүлгөн эмес.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов экс-президенттин кол тийбестигин алуу аракетинин келечеги жок деп эсептейт.

Анын маамында, сунушка аракеттеги президент деле кызыктар эмес.

-Бул сунуш бекер эле сөз. Ал иш жүзүнө ашпайт. Убара болбой эле коюшсун. Бизде мыйзамдар артка карап иштебейт. Азыркы президентке тийет.

Эске салсак, өлкөдө экс-президент деген статуска Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев ээ.

Copyright © 2017 Maral FM