Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Айрым мекемелерге көмүр жете элек

Коом | 4 Окт 2018 | 1086 | 0

Ысык-Көл облусунда күз-кыш мезгилине карата 111,5 миӊ тоннадан ашык катуу отун керектелет. Бүгүнкү күндө социалдык мекеме ишканалар көмүр менен 100 пайызга камсыз боло элек.

Быйыл аймктагы мекеме ишканаларга жалпы 111,5 миӊ тонна көмүр керектелет. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Жети-Ѳгуз, Ак-Суу, Түп, Тоӊ, жана Ысык-Көл райондорунун  айрым мектептерине көмүр жете элек. Бул боюнча облус жетекчисинин биринчи орун басары Дамир Моӊолдоров маалымдады.

Ак-Суу районунун Жыргалаӊ айылындагы Асанбаева орто мектебине 130 тонна көмүр керектелсе, эмдигиче түшө элек. Ошондой эле Жети-Ѳгүз районунун Саруу, Жаргылчак, Светлая Полян айылындагы мектептерде жок. Андан сырткары Тоӊ районундагы Саламанов, Күн Чыгыш орто мектетерине бериле элек. Түп районунда Арал айылында, Ысык-Көл районунун Кара Ой айылындагы билим берүүчү мекемелери камсыздала элек.

Андыктан мындай кемчиликтерди тез арада планга чыгаруу зарыл. Анткени кышкы от жагуу мезгилине карата аз гана убакыт калгандыктан, өзгөчө билим берүү тармагында эч кандай кемчиликтер жаралбашы керек. Бул боюнча облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев  эскертүү берип,Тоӊ районунун акими Таалайбек Ажиев 15-октябрга чейин аткарыларын билдиди.

-Бүгүнкү күндө көмүлөр түшүрүлүп жатат, 50 пайыз камсыздалды. Мындан аркы жумуштар уланып,  октябрь айынын ортосуна чейин 90 пайызга жеткирилет.

Тагыраак айтканда, 2018-2019-жылы күз кыш мезгилине карата мекеме ишканаларды катуу отун, мазут менен камсыз кылуу үчүн жер-жерлерде тендер өткөрүлүп, 26,7 миллион сомдук жалпы сумма бекитилген. Көмүр түшүрүү боюнча кемчиликтер  жалгыз гана билим берүү мекемелерине  таандык эмес. Анткени сентябрдын агына чейин  саламаттыкты сактоо тармагы 80 пайыз, бюджеттик мекемелер 58,9 пайызды көрсөттү. Эми ошондой болсо да эски от казандар бардык кырдаалга  даяр болуусу керек.  Бул тууралуу Каракол шаарындагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынан Абай Жумакадыров айтты.

-Каракол шаарындагы жылуулук ишканасына быйыл өзүбүздүн күчүбүз менен 6 жаӊы буу казан коюлду. Андан сыткары дагы 2 буу казанды Карколдун мэриясы менен сүйлөшүп, өзүбузүн эсептен коелу дегенбиз. Июль айында тендер өткөнү менен ага эч ким катышпай, кайрадан август айында бекитилген. Жакынкы арада алып келип орнотулат. Мындайча айтканда эски буу казандар 100 пайызга оӊдолуп, кайсы күнгө болбосун от жагууга даяр.

Муну утурлай кышкы от жагуу мезгили электр жарыгына да тиешелүү. Себеби, айрым мекемелер электр энергиясынан жылуулук алышат. Ошондуктан ремонт иштери 100 пайыз бүтпөй калганын Чыгыш электр ААК коомунун башкы директору Максатбек Чыныбеков кабарлады.

-Биз 100 пайызга даяр болбой кармалып калганыбыздын себеби, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында биздин техникалык күчтөрүбүз ошол жакта болуп калды. Эми 10 айдын жыйынтыгы менен биз кышка толук кандуу даяр болобуз. Бирок, 1-октябрга карата капиталдык курулуш 76 пайыз, капиталдык оӊдоолор 71, 3 пайыз, утурумдук оӊдоолор 98,7 пайызга жасалды. Биз кыштын жүрүшү менен да ремонттук иштерди жүргүзө беребиз.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM