Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ЕККУ ПАнын жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 717 | 0

Бишкекте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү жыйыны башталды. Иш чара Бишкек шаарында Ала Арча резиденцияда өттүдө.

Жыйынга Европа, Азия жана Түндүк Американын  46 мамлекетинен 150дөн ашуун парламент өкүлдөрү, президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Парламенттик ассамблеянын төрагасы Георгий Церетели катышууда.

Ачылуу аземинде Кыргызстандын маданияты тарыхы тууралуу видео баяндама көрсөтүлдү.

Анда Парламенттик ассамблеянын төрагасы Георгий Церетели дүйнөдө коопсуздукту сактоодо чакырыктар жана коркунучтар азайган жок деген оюн айтты.

Ал учурда улутчулдук, калп маалыматтар көбөйүп жатканын, мындай жаңы чакырыктар уюмга мүчө мамлекеттердин биргеликте иштешүүсү керектигин көрсөтөт деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM