Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 2 миңден ашуун бала мектепке барбайт

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 921 | 0

8 жаштан 18 жашка чейинки 2 миңден ашуун бала билим албайт. Бул тууралуу парламент жыйынында вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтуусунда, билим албаган балдардын арасында ден соолугуна, дин ишенимине, үй-бүлөлүк маселелерге байланыштуу мектепке барбагандар бар.

Өмүрбекова учурда тийиштүү иштер жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1,5 миң бала окууга барып калганын айтты. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусун камсыз кылууга да аракеттер көрүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM